Айылда эмгектенген кыз-келиндердин эмгек укуктары, үй-бүлөнү пландоо, үй-бүлөлүк бюджет, балдарына жөлөк пул алууга байланышкан маселелери арбын.
Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына караганда, Кыргызстандын калкынын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт. Өлкөдө аялдар калктын 50,6 пайызын түзөт. Учурда үй-бүлөнүн түйшүгүн тартуу көп учурда аялдарга жүктөлүп калууда. Айрыкча айылда эмгектенген кыз-келиндердин эмгек укуктары, үй-бүлөнү пландоо, үй-бүлөлүк бюджет, балдарына жөлөк пул алуу, никелешүүгө, мүлктү каттатууга байланышкан маселелери арбын. Элеттик кыз-келиндердин көбү өздөрүнүн укуктарын билбейт.
Никелешүү күбөлүгү: баары мыйзам чегинде болушу шарт
Чүй областынын Сокулук районунун тургуну Мээрим Бекболиева (аты-жөнү өзгөртүлдү) үч жыл бою ар кандай сот инстанцияларынын эшигин кандайча жыртканын айтып өттү. “Мен өзүм отуздан ашып калганда турмушка чыккам. Менден эки класста жогору окуган, өзүм таанып билген эле жигитке баргам. Бишкекке көчүп барып жаңы конуштардын биринен жер участогун сатып алып, ага үй куруп, жакшынакай эле жашап жатканбыз. Жашаганыбызда 5 жылдан ашканда күйөөм ашказан рагынан каза болду. Ошого чейин никелешүү тууралуу күбөлүктү алган эмеспиз. Ортодо эки уулубуз бар. Күйөөм каза болорго жакын “үй апама белекке калат” деген кагазга кол коюп берген экен. Жолдошумду деле күнөөлөбөйм, ал катуу ооруп өзүнүн жаны менен алек болуп жатканда кайыненем келип тиешелүү кагазга кол койдуруп кеткен экен. Апасы да, анын тилинен чыга албаса керек. Кийин жолдошумду көмгөндөн кийин эле күйөөм экөөбүз биргелешип салган эки бөлмө үйдү талаша башташты. Никелешүү тууралуу күбөлүгүм жок болгондуктан, өзүмдүн укугумду толук коргой алган жокмун. Күйөөмдүн туугандары сотто бир үй үчүн “бул аялы эмес болчу, көңүлдөшү эле, болбосо кана күбөлүгү жок, балдары дагы башка бирөөнүн балдары” деп жалаа жаап чыгышты. Балдары анын балдары экенин далилдеш үчүн жолдошумдун мүрзөсүн казып, эксгусмация кылууга чейин документ топтоп бирок, кошуналарыбыз күбө болуп жатып токтоттук. Соттон сотко жүрүп, үч жылга жакын убактым кетти. Акыры жарымын бөлдүрүп чыктым эки бала болгон үчүн. Бирок канчалаган акчам, канча нервим кетти, сарсанаа болуп уйкусуз түндөрдү өткөрдүм, балдарым менен кайда барам деп коркуп ойлонуп жатып чачым агарды. Ошонун баары нике кагазымды убагында албагандыктан, өз укуктарымды убагында билбегендиктен, кыргызчылык кылып мусулманча нике кыйдырганым менен, мамлекеттик органдардан каттоодон өтпүгөндүктөн, келечегиме кайдыгер карап жашап жүрө бергендиктен болду”,-дейт Мээрим кыйын күндөрү тууралуу эскертип жатып.
Юрист, жарандык иштер боюнча жактоочу Тилек Чотбаевдин айтымында, учурда айрыкча элеттик аялдар укук маселесинде сабатсыз болуп жатат. “Жарандык иштер боюнча кайрылган кыз-келиндердин, аялдардын көбүнүн маселеси колунда нике кагазы жоктугунан улам келип чыгат. Алар алимент чектетүүдө, мурас бөлүшүү, мүлктү каттатуу учурларында кыйынчылыкка кабылышат. Бул көбүнчө кыз-келиндер никелешүү күбөлүгүн учурунда албай жүрө бергендиктен болууда”,-дейт Чотбаев.
Жөлөк пулду кантип алууга болот?
Өзүн Сокулук районуна караштуу Саз айылынын тургуну деп тааныштырган Бурул Жаңыбаева азыр начар шартта жашап жаткан кызынын абалы тууралуу айтып берди.
“Өзүм Саз (азыр Октябрь айылы деп да аталат) айылында туулуп-өскөм. Жеке менчикке тиешелүү 1 гектардан бир аз ашыгыраак айдоо жерим бар, ага жылда клубника, жүгөрү тигип жан багабыз. Өзүмдүн төрт балам бар, үч кыз, бир эркек. Баары үйлөнүп турмуш курган. Кичүү кызымдын 3 уулу бар, бирөөсүнө дагы мамлекеттен жөлөк пул албайт. Алар Асылбаш айылында турушат, каттоосу дагы ошол жерде, күйөөсү эч жерде иштебейт, анда-санда гана жайында курулуштарда иштеп калат. Кызым балдарына жөлөк пул алыш үчүн кимге кайрылышты билбейт. Кызыма окшоп колунда жок, жакыр үй-бүлөлөргө мамлекет жөлөк пул береби? Айылда азыр бүт эле келин-кыздар клубника тергенге же башка талаа жумуштарына чыгашат. Дегеле иштебей үйүндө отурган аял жок”,-деп пикирин бөлүштү Жаңыбаева.
Социалдык өнүгүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсациялар боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпариса Рыспекованын айтымында, Кыргызстанда жакырчылык категориясы боюнча жөлөк пул төлөнүп берилбейт.
“Бизде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бар болсо, ошол үй-бүлөнүн балдары 16 жашка чыкканга чейин жөлөк пул алууга укугу бар. Демек, мамлекеттен жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына гана чегерилет. Маалымат боюнча Кыргызстанда 303 миң бала жөлөк пул алат, ошондо 7 миң үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пул чегерилген десек болот. Жөлөк пулду бекитип, дайындап жаткан учурда ар бир үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси баштан-аяк эсептелип чыгат, бул боюнча ар бир үй-бүлөнүн тастыкталган документтери берилиши керек. Ошондой эле жөлөк пул тигил же бул үй-бүлөнүн ар бир жан башына жыйынды кирешеси ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган шарттарда чегерилет. Бүгүнкү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 810 сом (2015-жылдын 1-июлунан баштап) болуп эсептелет, ошондо ар бир балага 705 сомдон жөлөк пул төлөнүп берилет. Белгилей кетчү нерсе, бизде баласы болсо эле ал балдарынын барына тең жөлөк пул чегерип берүү деген түшүнүк жок. Жөлөк пул жалгыз гана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына төлөнөт. Бизге баары чалып алып эле “менин 5 балам бар эле, менин 3 балам бар эле, менин мынча балам бар эле” дегени менен жөлөк пул төлөнүп берилбейт. Мурда Совет мезгилинде ушундай жөлөк пулдар бар болчу, мисалы балдары барларга үй-бүлөдөгү кирешесин санабай туруп деле балдарына өкмөттөн жөлөк пул төлөнүп келген, азыр болсо андай нерсе жок. Бизде кирешеси аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына гана төлөнөт. Аз камсыз үй-бүлө дегенибиз – ошол үй-бүлөнүн үй-бүлөлүк кирешеси, тапкан маянасы 810 сомдон кем болбоосу шарт, эгер кирешеси 810 сомдон ашып кетсе анда ал үй-бүлөнүн балдары жөлөк пул алууга укугу жок болот, канча баласы болсо дагы балдарына жөлөк пул ала албай калат. Үйүндө ата-энеси иштесе, анын кирешелери, жер тилкелери болсо анын дагы кирешелери эсептелип чыгат”,-деп түшүндүрдү адис.
Учурда элетте жашап иштеген аялдар үй-бүлөлүк, балдар, эмгек укуктарына байланыштуу юридикалык консультацияларга муктаж экени байкалды. Каржылык сабаттуулук боюнча кеп-кеңешке кызыккандар кыз-келиндер арасында арбын.
Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.
Гүлнур Жумалиева, Кабар ордо,
http://www.kabarordo.kg/doc/264899_elettik_aialdar_emneni_bilyysy_zaryl.html
Leave a Reply