ЖалалАбадда мүмкүнчүлгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата «Биз биргебиз» акциясы жүрүп жатат

Жалал-Абад облусунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциясы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, аталган акциянын алкагында райондук мамлекеттик администрацияларда, шаардык мэрияларда, айыл өкмөттөрдө, мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер өз жеринде жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барышып, алардын жашоосунун учурдагы абалынан кабар алышат.

Эскерте кетсек, азыркы учурда облус аймагында жашаган 20 миңге жакын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар, анын 12 миңге жакыны өспүрүмдөр.

Кабар

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*