Токмок шаарында Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды

20-ноябрь Токмок шаарында Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды. КР Конституциясы ар бир адамга юридикалык квалификациялуу жардам алууга кепилдик берет. Сот акыйкаттыгына жетүүдө юридикалык жардам адам укуктарынын негизгилеринин бири болуп саналат. Буга чейин министрликтин региондук өкүлчүлүктөрүндө атайын борборлор иштеп келгенин Юстиция министрлигинин статс катчынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштанов билдирди.

Кыргызстанда 2009-жылдан тартып «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамы иштейт. Азыркы мезгилде негизги көӊүл акысыз укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы мамлекеттин милдеттерин аткаруусун реалдуу жана эффективдүү камсыздоого бөлүнүүдө.

Аталган борбор сот акыйкаттыгына жетүүнү жакшыртуу, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоону камсыздоодо. Ошондой эле өзүнүн укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү үчүн коомчулуктун маалымдуулугун көтөрүү максатында ачылды.

«Кыргызстан—Сорос» фонду, Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын «КРде сот адилеттигине жетүүгө мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоору көмөк көрсөтүүдө.

Уюм негизинен иш күндөрү эртең менен саат 9дан 15:00гө чейин иштейт.

Марал ФМ,
http://maralfm.kg/kabarlar-news/kush-kabarlar/36481-tokmok-shaarynda-akysyz-yuridikalyk-zhardam-korsotuu-borboru-achyldy.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*