Акысыз юридикалык жардамды кайдан алса болот?

Ош областтык жана Ош шаардык юстиция башкармалыгында 2014-жылдан бери «Акысыз юридикалык жардам берүү борбору»  ачылып, иштеп жатат. Бул борборго Ош областынын жана Ош  шаарынын аймагынан жарандар келишип, ар кандай маселе боюнча акысыз юридикалык  кеңештерди алышууда. Аталган башкармалыктын башчысы, юстициянын II класстагы кеңешчиси  Арапбай Максутович Зияев  борбордун  иши жөнүндө  сураганыбызда  бир катар маалыматтарды берди.

– Белгилей кетсем, борбор убагында ачылды, максаты да чоң. Борбор ПРООНдун көмөгү менен ачылып, башкармалыктын имаратынан атайын бөлмө  ажыратылып, ремонттолуп, мебель жана компьютерлер менен камсыздалды. Атайын адис күн сайын келген адамдарды кабыл алып, акысыз юиридикалык кеңештерди берүүдө.

Албетте, жардам сурап кайрылгандар  арбын. Аз камсыз болгондорго акысыз юридикалык жардам берүүнү өркүндөтүү  ПРООНдун жардамы менен улам жакшырууда десем болот. Себеби, областтын аймагынан азырынча 2 айыл өкмөтүн пилоттук катары тандап алдык. Алыскы аймактан тартып жакынкы аймактарга чейинки аймакта аз камсыз болгон жарандарга үй-бүлөлүк маселе, алимент алуу, пособие алуу, жер аянтын алуу, мүлктү мураска калтыруу, мамлекеттен кандай жеңилдиктер бар-ушул сыяктуу маселелер боюнча акысыз юридикалык кеңештер берилет.

Атап айтсак, пилоттук катары тандалып алынган Ноокат районунун Кулатов жана Кеңеш айыл  өкмөттөрүндө долбоордун чектеринде  бирден юрист иштеп жатат. Алар айыл өкмөтүндөгү жарандарга бардык маселелери, көйгөйлөрү боюнча акысыз юиридикалык  кеңештерди  беришет. Айыл өкмөттөгү адистер  менен бирге алар кеңеш сурап келген тургундарга жардам беришет. Тиешелүү маселелер жаралса юристтер биздин сайтка маалымдашат жана ага карата маселелерди кантип чечүү керектиги боюнча биз кеңешибизди беребиз.  Долбоорго  ылайык,  юристтер 2 жылдык мөөнөткө иштеши каралган.

Мындан тышкары ПРООНдун  жардамы менен долбоордун чектеринде  Кара-Суу  райондук мамлекеттик нотариусунун имаратында  2 бөлмө капиталдык ремонттолду. Ошондой эле бөлмөлөргө  мебель, спецтехникалар коюлду. Бул жерде  акысыз юридикалык кеңеш берүүчү 2 борбор  иштей баштайт. Эми райондун аймагынан келишкен жарандарга мында акысыз юридикалык жардамдер берилет. Адистер график боюнча иштешип, күн сайын кеңеш сурап кайрылгандарга- жер  аянтын алуу, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү жеңилдик ж.б. багыттар боюнча юридикалык кеңештерди беришип, жардам көрсөтүшөт.

Биздин башармалыктын адистери областтын аймагы боюнча жер-жерлерге  , айыл өкмөттөрүнө, айылдык Кеңештерге барышып,  жарандарга жеринде акысыз юридикалык  кеңештерди беришүүдө.  Мындан тышкары  телефон аркылуу да кеңештер берилет. Долбоордун чектеринде 2 скайп алдык.  Мындан ары жарандар менен компьютер аркылуу бири-бирибизди көрүп, суроо—жооп иретинде акысыз юридикалык кеңештер беребиз.

Негизи эл менен түздөн-түз иш алып барган жогоркудай борборлор түзүлсө жана иштесе жалпы жарандардын укуктук аң-сезими жогорулайт деген ойдомун. Менимче, аз камсыз болгон эле эмес, жалпы эле жарандарга ушундай борборлор  юридикалык кеңеш берсе жакшы болмок.  Жалпы эле жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү багытын көздөөдөбүз.

«Акысыз юридикалык жардам берүү борборун»     Жанузак Камилжанович Мурзакулов жетектейт. Анын берген маалыматы боюнча  борборго  жардам сурап 2014-жылдын 9 айында 284 адам кайрылган. Ал эми 2015-жылыдын 9 айында 1868 адам кайрылган. Көрүнүп тургандай жардам сурап кайрылгандардын саны өскөн. Демек, борборду ачуу максаттуу болгон.

– Борбор, жарандарга, анын ичинде  калктын аярлуу катмарына. Майыптарга, улгайган жарандарга акысыз түрдө юридикалык кеңештерди берүү менен бирге көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жардам берүү максатында ачылган. Юстиция башкармалыгында адвокаттардын, нотариустардын жана аппарат кызматкерлеринен турган топ өз ишмердүүлүгүн райондордо, Ош шаарында үзгүлтүксүз жүргүзүп келүүдө,-дейт Жанузак Мурзакулов.

Фактыларга токтолсок, жарандар ар түрдүү маселелелер менен юридикалык кеңеш алуу үчүн борборго кайрылышат. Маселен Ноокат районунан  М.С. аттуу келин кайрылган. Анын берген маалыматы боюнча  жубайы менен баш кошушкандан кийин чет өлкөгө иштегени кетишкен. Нике күбөлүгүн алышкан эмес. Балалуу болгондон кийин күйөөсү менен ажырашкан. М.С. кантип күйөөсүнөн баласы үчүн алимент алуу тууралуу кеңеш сурап кайрылган.  М.С. аттуу келинге алимент алуу тууралуу мыйзамгы ылайык, юридикалык  кеңеш берилген. Нике күбөлүгү болбосо да алимент алуу мыйзамдуу экендиги айтылган.

Дагы бир мисал.  Ош шаарынан К.Р. аттуу пенсия курагындагы жаран кайрылган. Ал балдары карыганда карабай коюшкандыктан алардан алимент өндүрүү боюнча кеңеш сурап кайрылган. Бул учурда да алимент алуу мыйзамдуу экендиги айтылган.

Борборго ата-энеден калган мүлктү мурастоо, жер аянтын алуу, кредит төлөөдө мөөнөттө узартуу д.б. сыяктуу суроолор менен кайрылып келишет жана тиешелүү кеңештерди акысыз алышат.

Чындыгында борбордун ачылышы  заман талабына ылайык, зарыл нерсе. Мындай борборлордун санын көбөйтүү менен, жогоруда белгиленгендей, калктын укуктук аң-сезими өсөт жана калк укук жагынан корголот. Бардык айыл өкмөтүндө бир юрист адис олтурса жана ага эмгек акы  айыл өкмөтү тарабынан каржыланса калкка укуктук жардам берүүдө оң натыйжаларга жетишилмек деген ойдобуз.

Борблордун иштеп жаткандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылууу калкка кабарды кеңири жайылтуу зарыл. Мына ошондо алар акысыз юридикалык кеңеш алууга муктаждык пайда болгондо дароо кайрылышат. Жалпы эле жарандар үчүн борбордун дарегин айта кетмекчибиз:  Ош шары, Ленин көчөсү-312. Телефону: 5-63-56. Ал эми эл. дареги: Oshyurborbor@mail.ru

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

К.Кыдыралиева, “Ош жаңырыгы”, 07.11.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*