Жаңы-Кыштактын ийгилиги

Кара-Суурайонунун Нариман айыла ймагындагы Жаңы-Кыштак айылында улуттук азчылыкты түзгөн лөлү улутундагылар жашашат. Мында 600 кожолукта 4200 калк жашайт. Алардын балдарынын жана жаштарынын орто билим жана жогорку билимге ээ болуусу үчүн бүгүнкү күндө шарттар түзүлгөн.

Жаңы-Кыштактаучурда №105- М.Турсунсазада атындагы тогуз жылдык мектеп бар. Мектеп 3 окуу имаратынан турат. №1- окуу имараты 1949-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ал эми №2-корпусу 1999-жылы, №3-корпусу 2013-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Мектеп 184 окуучуга ылайыкталган болсо, бүгүнкү күндө окуучулардын саны 566ны түзөт. Демек, балдарды окууга тартуу жакшы жолго коюлууда. Албетте окуучулардын саны көп болуп, мектептин сыйымдуулугу а зболгону мектеп имаратын кеңейтүүнү талап кылаары шексиз. Бул маселе айыл аймагы тарабынан чечилиши зарыл. Мамлекет тарабынан каржы маселеси чечилип, мектеп имараты кеңейтилиши керек.

Белгилей кетсек, мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Жалпысынан азыр 38 мугалим окуучуларга сабак берүүдө.

Негизинен бардык предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү. Мектепти көп жылдык педагагикалык стажы бар адис Абдуллаева Гүлчехра Режавалиевна жетектеп келүүдө. Ал 1993-жылы ОшМУнун химия-биология факультетин бүтүргөн. Адегенде Нариман мектебинде лаборант, Ош шаарындагы Пушкин мектебинде мугалим болуп иштеген. Аталган мектепте 1999-жылы бөлүм башчысы болуп ишке орношкон, 2013-жылдан бери директор болуп иштөөдө.

Мектепте окуучулардын китеп менен камсыз болушу бүгүнкү күндө 75%ды түзөт. Окуучулардын сапаттуу билим алышы, көз карашынын бай болушу, туура тарбия алышы колго алынган.

Белгилей турган нерсе лөлү улутундагыларга да Кыргызстандагы бардык жарандарга тиешелүү болгон шарттар жаралган. Анын натыйжасында бул улуттагылар да улуттук азчылыгына карабастан билим алууга шарт түзүлүп, орто жана жогорку билим алууга жетишишүүдө. Анын буга ачык далили ушул мектепте иштеп жаткан алты мугалим лөлү улутунун өкулдөрү болуп саналат. Азыркы күндө аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку жана орто окуу жайларында билим алышууда.

Мектепке окуучулардын сабакты калтырбай келүүсү үчүн, сабактардан жетишүүсүү үчүн ата-энелер комитети менен иш жүргүзүлөт. Ата-энелер комитетинин төрагасы – «Лөлү» коомдук фондунун президенти Бахадыр Нармурзаев, ал эми Камкордук кеңешинин төрагасы – Санжар Төрөев. Алар мектеп директору, класс жетекчилери менен балдарды окутуу жана тарбиялоо иштеринде көмөк көрсөтүшүүдө. Окуучулар олимпиадаларга жана өткөрүлгөн спорттук оюндарга катышышат. Мектепте комуз ийрими иштейт. ЮНИСЭФ эл аралык уюмунун каржылоосу менен комуздар комуз сатылып алынган.

Бул билим уясында окуп жаткан окуучулардын айрымдарынын көйгөйлөрү- туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн жоктугу. Өткөн жылы 250 окуучунун күбөлүгү болгон эмес. Учурда алардын ичинен 100 окуучуга ЮНИСЭФ эл аралык уюмунун жардамы аркылуу күбөлүк алынып берилди. Мектеп директорунун айтымында учурда 150 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Күбөлүк алуу үчүн керектүү документтери жок. Кээ бир окуучулардын ата-энелеринин, ал турсун чоң ата-чоң энелеринин эч кандай документтери жок. Ошол себептен окуучулар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай келишет. ЮНИСЕФ ж.б. эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык, окуучуларга каржы жагынан жардам берип, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берүүгү жардамдашуусу муктаждышы бар. Мындан тышкары айыл аймагы окуучулардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып берүүгө түздөн-түз көмөктөшүүсү зарыл деп ойлойбуз. Жарандар өздөрү да жарандыгын тастыктаган документтерди алууга умтулуулары керек.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмүкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

К.Кыдыралиева, “Ош жаңырыгы”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*