Укуктук жардам көрсөтчү сурдокотормочулар даярдалды

surdo2

БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «КРде сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында «Бирдей мүмкүнчүлүк» борборунун биргелешип иш алып баруусунун негизинде мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга юридикалык, укуктук жардам көрсөтүүчү сурдокотормочуларды даярдоо курсу ачылган. Ал курсту бүткөн 24 бүтүрүүчүгө жакында атайын сертификаттар тапшырылды.

surdo_ganjelaВладимир ГАНЖЕЛА, «Бирдей мүмкүнчүлүк» борборунун директору: «Максатыбыз – майыптарга юридикалык, укуктук жардам көрсөтүү»

– БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында «Тең мүмкүнчүлүк» борборунун биргелешип иштешүүсүнүн негизинде сурдокотормочуларды даярдоо курсу уюштурулган. Сурдокотормочуларды даярдоо курсу 2015-жылдын июль айында негизделип, октябрда жыйынтыкталды. Сурдокотормочуларды (жаңсоо жолу менен түшүндүрүүчү-ред.) даярдоо үчүн алты саны аман, көзү көрүп, кулагы уккан адамдардан турган төрт топ, тактап айтканда 24 окуучу тандалып алынган. Алар курсту 96 академиялык саат менен 5 апта окушту. Курстун негизги максаты – угуу, сүйлөө жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга укуктук, юридикалык жактан жардам берүү, сот процесстерине катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү.

 

surdo_kasybekovЭркинбек КАСЫБЕКОВ, БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлү:
“Ош шаарында да курс уюштурсак деген оюбуз бар”

Ѳзүңүздөр күбө болгондой, бүгүн сурдокотормочулардын курсун аяктаган 24 бүтүрүүчүгө сертификат тапшырдык. Бүтүрүүчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген укпаган, сүйлөбөгөн жарандарыбызга котормо жагынан жардам беришет. Алар “Бирдей мүмкүнчүлүк” борборунун сурдокотормо боюнча алгачкы бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет. Ош шаарында да сурдокотормочуларды даярдоо тууралуу ойлоп жатабыз.

 

surdo_aybekАйбек ЧОТОНОВ, юстиция министрлигинин алдындагы укуктук үгүт башкармалыгынын башчысы:
«
Сурдокотормочуларды даярдагандарга ыраазылык билдиребиз”

– Биз укуктук үгүт башкармалыгы БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте иштешип атабыз. Учурда мамлекетте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз сот процесстерине катышса, аларга которуп берген адамдар жогунан кыйналып жатышат. “Бирдей мүмкүнчүлүк” борборунун курсун аяктаган 24 сурдокотормочунун тизмесин КР Юстиция министрлигинин сайтына чыгаралы деп атабыз. Мындан сырткары, алдыбызда бир топ маселелер турат. БУУнун өнүктүрүү программасы менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берели деп атабыз.

 

surdo_akbarАкбар МЕНДЕБАИРОВ, “Бирдей мүмкүнчүлүк” борборунун кызматкери:
«
Дени сактай жүргүбүз келет»

– Аталган борбордо эмгектенип келе жатканыма бир жылдан ашты. Көзү азиздер үчүн компьютердик курстан сабак берем. Андан сырткары көзү азиздерге кантип таяк менен басыш керектигин үйрөтөм. Мисалы, шаарда жашап жүргөндөр таяк менен басканды, көчөлөрдү бир аз билишет. Ал эми аймактардан келгендерге таяк менен басуу эрежелерин сактоо бир топ эле кыйынчылык туудурат. Андан сырткары бизде «GPS навигатор» боюнча курс бар. GPS навигатор – биздин кайсы жерде турганыбызды көрсөтө турган аппарат.

Биздин борбордун максаты, аты эле айтып тургандай, баарына бирдей мүмкүнчүлүк берүү. Биз майыптыгыбызга карабай, өзүбүздү дени сак адамдардайэле алып жүргүбүз келет. Мисалы, таяк менен өз алдынча басканды үйрөнсө, компьютерди билсе, эч кимге көз каранды болушпайт да.

 

surdo_aygerimАйгерим НАЗАРБЕКОВА, тренер-юрист:
«Бүтүрүүчүлөр майыптыгы бар адамдарга жардам беришет»

– Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга жардам берүү максатында биздин борборго келип, сурдокотормо боюнча билим алып, көп нерсени үйрөнгөн бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайм. Чындыгында, алар котормо жактанкыйла такшалып калышты деп ойлойм. Мындан ары да сурдокотормону өркүндөтүп, ар дайым машыгып турушса, алар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга көп жардам бере алышат.

 

surdo_margaritaМаргарита ТРИФОНОВА, тренер:
«
Татаал жумушта чыдамкайлык керек»

– Биз бүтүрүүчүлөр менен тажрыйба алмаштык. Мен аларга ак жол жана чыдамкайлыкты каалайм. Себеби, майыптыгы бар жарандар менен иш алып баруу өтө татаал. Ал үчүн ар дайым чыдамдуу болуп, аларга жеткиликтүү түшүндүрө билүү зарыл.

 

surdo_mayramМайрам БЕЙШЕБАЕВА, бүтүрүүчү:
«Сурдокотормо терминдерин
үйрөндүм»

– Менбул курстан сурдокотормо тууралуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга юридикалык жактан жардам көрсөтүү жөнүндө көп нерселерди билип, үйрөнө алдым. Ооба, буга чейин сурдокотормо жөнүндө бир аз маалыматым болгону менен угуу, көрүү жагынан аксаган майып адамдарга бул жагынан жардам бере алчу эмесмин. Эми бул курстан алган окуп-үйрөнүүнүн жардамы менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам бере алам.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, «Полит Клиника», 15.10.2015-ж.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*