Сурдо котормо курсун аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшырышты

Окутуу курсу БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМнин “КРнын Сот адилеттигин кеңейтүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.

“Бирдей укуктар” социалдык борбору 9-октябрь күнү сурдо котормо курсун аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшырды.

Окутуучу Марина Трифонованын айтымында, Кыргызстанда сурдо котормочулар үчүн окутуу курсу көптөн бери өткөрүлгөн эмес. “Сурдо котормочулардын билимин жогорулатуу жана даярдоо боюнча программа акыркы жолу 2005-жылы Азиздер жана дүлөйлөр коому тарабынан уюштурулган”,-дейт ал.

Трифонованын айтымында, бул жолу окутуу курстары ушул жылдын июль-октябрь айы ичинде уюштурулган. Курс 4 топтон туруп, окутуу мөөнөтү 5 жума жана 96 академиялык саатка созулган. Курска 24 сурдо котормочу катышкан, ал эми аларга машыктыруучу-сурдо котормочу Маргарита Трифонова, машыктыруучу-юрист Айгерим Назарбекова сабак өткөн.

Аталган курстун максаты – өлкөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, угуусу жана көрүүсү начар жарандардын сот келишимдерин түзүү, юридикалык кеңеш алуу маселесинде, ошондой эле алардын иликтөө иш-чаралары жана сот жараяндарына катышып жатканда көмөк көрсөтүү үчүн сурдо котормочуларды даярдоо болуп эсептелет. Бул окутуу курсу Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) “КРнын Сот адилеттигин кеңейтүү” долбоорунун алкагында уюштурулган.

“Ушул беш жума тренингдин катышуучулары көндүмдөрдү өздөштүрүү, келечекте иликтөө органдары, сот процесстеринде иштөөлөрү үчүн жетиштүү эле убакыт болду окшойт. Күндөр кантип тез эле өтүп кеткенин билбей калдым, бул арада барыбыз жакын болуп калдык. Мен бүтүрүүчүлөргө чоң ийгиликтерди каалаймын”,-дейт Трифонова сертификат тапшыруу маалында.

Кошумчалай кетчү жагдай “Бирдей укуктар” социалдык борбору өлкөдө ден соолугунун мүмүкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумуш таап берүү, аларга резюме толтурууну үйрөтүү, жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүү жүргүзүү, юридикалык кеңеш берүү боюнча жардам көрсөтүп келет.

Ошондой эле борбор көрүүсү жана угуусу начар адамдарга атайын программанын жардамы менен компьютерде иштегенди үйрөтөт. Борбордо көрүүсү начар жарандар үчүн экранды чоңойтуу программасын колдонуу аркылуу компьютердик технологиялар курстары уюштурулат.

“Бул борбордо таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, ошондой эле ден соолугунун башка көйгөйлөрү бар адамдар үчүн атайын курстар уюштурулууда. Жогоруда белгилеген сурдо котормо курсу дагы майып жарандардын укугун коргоого багытталган”,-дейт БУУнун Өнүктүрүү программасы долбоорунун юристи Айжан Жуманалиева.

Бүгүнкү күндө өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн акысыз сурдо котормо жардамын көрсөтүү КРнын мыйзам долбоорунда каралган эмес.

Гүлнур Жумалиева, “Кабар ордо”, 13.10.2015-ж.

http://www.kabarordo.kg/doc/263525_syrdo_kotormo_kyrsyn_aiaktagan_bytyryychylorgo_sertifikat_tapshyryshty.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*