Айпери КАСЫМОВА, жабырлануучу: «Күйөөм сабаганы аз келгенсип, кайненем да сабайт»

zombuluk
Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды.

Айпери Касымова (белгилүү себептер менен аты-жөнү өзгөртүлдү) күйөөсүнөн, кайненесинен токмок жеп, Бишкектеги «Сезим» кризистик борборуна бир жашар баласы менен кайрылган. Ал күйөөсүнүн, анысы аз келгенсип кайненесинин ур-токмогун далай жеп келген эле, бирок акыры чыдамы түгөндү.

– Мен Нарын облусуна караштуу Жумгал районунан болом. 1989-жылы жарык дүйнөгө келгем. 2012-жылы Москвага иштеп баргам. Ошол жерден жолдошум Эрмек менен таанышып, экөөбүздүн сезимдерибиз күндөн-күнгө күч алып,бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Жолдошум мурда эки жолу турмуш куруп, экөө менен тең тил табыша албай, эки айрылыш жолго түшүшкөн экен. Экинчи никесинен бир баласы бар. Мага мунун баарын жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн кезде «мен жашоодо эки ирет жаңылдым, мындан кийинки жашоом башкача болот» деп айткан эле. «Сүйүүнүн көзү сокур» дегендей, жолдошумдун мурда ажырашканына карабай, ага турмушка чыгууга макулдугумду берип, Кыргызстанга келип никебизди кыйдырдык. Баш кошкондон кийин Жамбылда кайнагамдын үйүндө жашадык. Ал жерден бир балалуу болдук. Ошондой күндөрдүн биринде кайнимдин баласына той бердик. Тойдо жолдошум ичип алып ызы-чуу салып, эшиктен кирип келе жатып баламды бир тээп, мени көгала кылып сабады. Эртеси күнү кайненем «сенин күйөөң арак ичип атса, сен эмнеге карабайсың!? Таягын жесең да, сени көгала кылып сабап салса да, «ичпе» деп алдынан тоспойсуңбу» деп ачууланып, менин айламды кетирди. Жолдошумдун сабаганы аз келгенсип, айрым учурларда кайненем да мага кол көтөрүп жүрдү. Мындай учурларда дайыма баламды атасыз калтырбайын деп ойлочумун. Себеби өзүмдүн атам эрте эле өтүп кеткен экен. Кийин «байкем курулуш фирмасында иштейт, сага жумуш таап берет» деп күйөөмдү алдап-соолап жатып Бишкекке келип, батирде жашап калдык. Келгенде эле байкем менен сүйлөшүп, Эрмекти жумушка киргиздим. Алгач келгенибизде бир тыйын акчабыз, же тамак-ашыбыз жок болгонуна байланыштуу менин төркүнүм берген алтын чынжырымды жолдошум күрөөканага өткөрүп, 5000 сом алыптыр. Анын 4000 сомуна үйгө тамак-аш алып, 1000 сомун өзүнүн баскан-турганына алып калган. Эртең менен жумушка жакшынакай эле кеткен, кечинде жолдош баласы менен анын ойношун ээрчитип, кылжыйып масс болуп жетип келиптир. Мен аларды жаркылдап тосуп алып, узатып жибердим. Баягы 1000 сомдон бир сом калбаптыр. Аябай жиним келип, ызаланып ыйладым. Ичип, акчаны жок кылып келгени аз келгенсип, мени баса калып башка-көзгө койгулап сабап, «мен сени өлтүрүп салам, жатып кал» деп коркутканынан баламдын жанына жатып алдым. Эртең менен жалбарып кечирим сурап, «экинчи кайталанбайт» деп көңүлүмдү жубатып коюп жумушка кетти. Ушундай күндөр кайталана берди. Мен анын кол көтөрүп, сабаганына деле көнүп калдым.

«Кайненем оозго алгыс сөздөр менен сөгөт»

– Арадан эки-үч ай өткөндөн кийин Жамбылдан кайненем бейтапканага жатып дарылануу үчүн келген. Бирок бейтапканада аз эле жатып чыкты. Чыккандан кийин ар бир курбусунун үйүнө барып ичип жүрдү. Ага чейин мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, ызама тийчү. Бир күнү күйөөм кайненемди курбусу менен үйгө ала келген экен. Алар үйгө кирип кетишти. Мен жолдошум менен учурашып коеюн деп машинасынын жанына барсам, мени «Эмне турасың? Бар кир үйгө» деп кагып салды. Ал жерден эч нерсе дебей эле басып кеттим. Жолдошум дайыма кайненемдин көзүнчө мени басынта берчү. Ал жумушка кеткенден кийин анны көргөн кайненем мени кууруп, жеп салчу. Акыры келин катары кайненеме, аял катары жолдошума жакпасам, булл үйдө эшектей иштеп эмне кылып жүрөм, андан көрө өз оокатымды кылганым жакшы эмеспи деп бир чечимге келип, баламды кийинтип, документтеримди алып чыгып баратсам, кайненем «Сен кетем деп коркутканга жарап калдыңбы?» деп колумдагы сумкамды алып ыргытып, чачымдан жулмалап, желкем менен тамды сүздүрүп, сабап жатты. Акыры күчүмдүн жетишинче кайненемди түртүп туруп, баламды көтөрүп алып көчөгө качып чыктым. Ызама чыдабай, жолдо буркурап ыйлап бара жаттым.

«Жолдошум апамдын көзүнчө ур-токмокко алды»

– Жогорудагы окуядан кийин кайненем апама «Кудагый, кызыңды алып кет» деп телефон чалган экен. Болбосо алар ачуу басарыма да, ата-энемдин алдына да барышкан эмес. Ал тургай куда-кудагыйлар бири-бири менен беттешип, жүз көрүшкөн да эмес. Эртеси апам шаарга келип калды. Анан апамдын эжеси, сиңдиси болуп төртөөбүз биз жашаган батирге бардык. Барсак, кайненем курбусу менен бизди күтүп отурган экен. Босогону аттаганыбызда эле кайненем апама «Эрмектин мурунку аялдарынын сүрөтүн көрсөтүп, жашоосунан бери айтып берип, сенин кызың оорукчан» деп ар нерсени айтып жатты. «Оорукчан» деп айтканы ырас. Себеби мен баламды өзүм төрөй албай, гинекологдор сыгып төрөткөн. Күч менен төрөлгөн бала менин көтөн чучугумду айрып кеткен экен. Отуруп-турсам жел чыгат, кээде ажаатканага жетпей калган учурларым да болчу. Бейтапканадан үйгө чыгып келгенден кийин гинекологума кайра барып көрүнүшүм керек эле. Бирок кайненем жибербей койгонуна байланыштуу барбай калгам. Кийин барганымда гинекологум «Сенин жаратың ажыраган боюнча бүтүп калыптыр. Мындай учурда мен эч нерсе кыла албайм. Жамбылдагы дарыгерлерге көрүнсөң, алар жаратты лезвие менен тилип туруп, кайра бириктирип тигип берет» деди. Үйгө келип жолдошума айтсам «акча болгондо тиктиртип берем» деп койду. Ошону менен бир жыл жүрдүм. Акыры өзүмдүн апам операция жасатып берип, жакшы болуп калдым…

Бир маалда эшикке чыгып баратсам, жолдошум баса калып сабап, баарыбызды ашатып сөгүп, бир таежеме суу чачып, жууркан-төшөктөрүмдү көчөгө ыргытып туруп, машинасын айдап алып качып кетти. Биз төшөк-жууркандарыбызды таксиге салып, үйгө кеттик. Эртеси Биринчи май шаардык милиция бөлүмүнө «жолдошум күрөөканада жаткан алтындарымды, документтеримди, төркүнүмдөн алган 15 миң сомду берсин» деп арыз жаздым. Алар жолдошум менен беттештиришти. Ал мага алтындарды, акчаны бериш керек эле. Бирок акчанын жарымын берип, алтындарымды бербей жатат. Учурда «Сезим» кризистик борборунда соттун чечимин күтүп жатам. Алардан эч кандай жооп болбой атат. Каякка кайрыларымды да билбейм. Ал тургай өзүмдүн жарандык укуктарымды да билбейм. Буга чейин укугумду коргогонго аракет да кылган эмесмин. Соттун чечими чыккандан кийин мыйзамдын негизинде ажырашабыз.

 

Зомбулук көрүп, бирок каякка кайрыларыңызды билбей турасызбы?

b_ryskulovaБүбүсара РЫСКУЛОВА, «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси: «Укуктары бузулуп, кайда барып кайрыларын билбеген жарандарыбыз жок эмес»

– Албетте, акыркы учурларда укуктары бузулуп, кайда барып кайрыларын билбеген жарандарыбыз жок эмес. Алар Бишкекте “Шанс”, “Сезим” кризистик борборлоруна, милиция кызматкерлерине, жергиликтүү бийликке, Социалдык өнүгүү министрлигине, балдарга жардам берчү социалдык кызматкерлерге, жашаган жериндеги аймактык милицияга кайрыла алышат. Ошондой эле аймактарда да ушундай борборлор бар. Бирок алар таптакыр көчөдө калбай, өздөрүнүн укуктарын билип, коргогонго аракет кылышы керек. Биздин ишеним телефонубуз 51-26-40 күнү-түнү кызматта. Бизге кайрылгандардын баардыгын кабыл ала албасак да, керектүү органдарга жиберебиз. Себеби биздин кризистик борбордо орун болбой калышы ыктымал. Анткени бизге кайрылгандар аябай көп. Биздин юристтер мыйзамдын чегинде Айпери Касымованын укугун коргогонго аракет кылат.

Асель АСАНАЛИЕВА, «Сезим» кризистик борборунун юристи: “Аял өзүнүн укугун билиши керек”

– Күйөөсүнөн, же дагы бирөөдөн зомбулук көргөн аял унчукпай кала бербей, өзү жашаган РИИБге кайрылышы керек. Алар окуя болгон жерден аялды медициналык экспертизадан өткөрүп, анын жыйынтыгын тергөөчүгө берет. Тергөөчү медициналык экспертизанын негизинде кылмыш ишин козгойт.

Ички иштер органдарына арыз жазган аял КРнын “Социалдык укукту коргоо” мыйзамынын негизинде убактылуу күзөт ордери менен камсыз болот. Ушул мыйзамдын негизинде психологиялык, физикалык, экономикалык жактан зордук-зомбулукка кабылгандар күзөт ордерин алса болот.

Андан кийин милиция кызматкери кайрылган аялдын жолдошун чакырып, түшүнүк кат жаздырып, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп профилактикалык тизмеге алат. Ал эми убактылуу күзөт ордерине он беш күн убакыт берилет. Он беш күндүн ичинде ал жубайына эч кандай зордук көрсөтө албайт. Бул күндөрдүн аралыгында балдарын атасы менен көрүштүрүүгө уруксат берүү же бербөөнү да аял өзү чечет.

Убактылуу күзөт ордеринен кийин айыпталуучу аялына кайрадан зомбулук көрсөтсө, жогорудагы мыйзамдын негизинде соттук коргоо ордерин алганга укуктуу. Ал үчүн жабырлануучу кайрадан сотко арыз жазат. Он күндүн аралыгында сот жабырлануучуну да, айыпталуучуну да чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Андан соң соттук күзөт ордери берилет. Бул убактылуу күзөт ордеринен көбүрөөк убакытка берилет. Эгерде күзөт ордерин буза турган болсо, он беш күндүк убактылуу кармоочу жайга камалат.

Негизи айыпталуучуга кылмыш ишин козгойбу же козгобойбу, бул медициналык эксперттин жыйынтыгы менен аныкталат. Эгерде экспертизадан оор жаракат алганы аныкталса, Кылмыш кодексинин 112-беренесинин негизинде 1 жылга кесилиши мүмкүн. Же болбосо административдик айыпка тартылат.

“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, “Полит Клиника”, 24.09.2015-ж.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*