Президент Алмазбек Атамбаев карылар жана майыптар үчүн социалдык алты мекемеге 5 млн 450 миң сомдук финансылык колдоо көрсөттү

president

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-сентябрда Карылардын эл аралык күнү белгиленээр алдында карылар жана майыптар үчүн социалдык алты мекеменин жетекчилерине акча сертификаттарын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык стационардуу мекемелердин директорлору өз көйгөлөрү, тактап айтканда таза суу менен, керектүү тиричилик техникалары менен камсыз кылуу, ошондой эле имараттарын ремонттон өткөрүү боюнча проблемалар тууралуу айтып беришти.

Президент Алмазбек Атамбаев карылар жана ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын стационардуу мекемелериндеги көйгөлүү маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Мамлекет башчысы карыларыбыз жаратмандардын мууну, алар Кыргызстанга эмгектеги жана согуштагы каармандыктын үлгүсүн көрсөткөн, акылкөй, чыныгы мекенчил, туулган жерин ардактаган адамдар экендигин баса белгиледи. “Алар өлкөнүн келечеги үчүн иштеген. Бүгүн республикабыз сыймыктанган, бардык жакшы нерселер алардын колунан жаралган. Биз аларга карыздарбыз, ар бир карыябыз камкордукту сезгидей иштерди жасаганга милдеттүүбүз”,-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент стационардуу мекемелерде жашаган карыларга аяр мамиле жасап, камкордук кылуу өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Жалпы суммасы 4 млн 900 миң сомго керектүү техникалык каражат жана турмуш-тиричилик техникасын сатып алуу үчүн сертификаттар төмөндөгү мекемелерге тапшырылды:Нижне-Серафимовкадагы карылар жана ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык стационардуу мекемеси; Бишкектеги карылар жана майыптар үчүн шаардык социалдык стационардуу мекеме; Бакай-Атадагы карыларды жана майыптарды реабилитациялоо мүнөзүндөгү социалдык стационардуу мекеме; Сүлүктүдөгү карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардуу мекеме; Сузактагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардуу мекеме; Токтогулдагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардуу мекеме.

Андан тышкары аталган социалдык стационардуу мекемелерге Карылардын эл аралык күнүнө байланыштуу майрамдык сый тамакты уюштуруу үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан жалпы суммасы 550 миң сомдук финансылык колдоо көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*