Көзү азиздер үчүн китептер Брайл шрифти менен басылып чыкты

Кыргызстанда көзү азиздер үчүн “18” деген аталыштагы китеп Брайл шрифти менен басылып чыкты. Мындан сырткары ар кайсы тармактык сабактар боюнча 44 аудиоматериал даярдалды. Анын бет ачары бүгүн Бишкекте “Сорос-Кыргызстан” фондунун кеңсесинде өтөт.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Расмий каттоодо турган майыптардын сегиз миңден ашууну көзү азиз.

Жыл сайын Бишкектеги атайын адистешкен көзү азиздер жана начар көргөндөрдүн мектебинен 10-12, Ошто 7-9 бүтүрүүчү аяктайт. Алардын 90% жогорку окуу жайга тапшырат.

Кыргызстанда Брайл шрифти менен жазылган китептер жетишсиз. Өткөн жылы “Плюс” коомдук фонду окуу куралдарын “Бирдей мүмкүнчүлүктөр” (“Равные возможности”) социалдык борбору менен чогуу видеоматериалдарды, мыйзам жана кодекстерди Брайл шрифти менен басып чыгарган.

https://www.azattyk.org/a/30084507.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*