Миграция агымы: Зомбулук көргөн балдар көбөйдү

Колу байланып, автоунаага сүйрөтүлгөн 9 жашар баланын абалы жакшы. Учурда дарыгерлердин, балдардын укугун коргоочулардын көзөмөлүндө. Ал эми энеси Орусиядан бүгүн, 1-майда кечке жуук учуп келет. Энеси баласынын жанында болмоюнча, акыйкатчы өзү көзөмөлгө аларын билдирди.

«Таякеси тарбиялоо максатында автоунаасы менен сүйрөттү» делген баланын абалы учурда жакшы. «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, учурда бала керектүүлөрдүн баары менен камсыздалган. Эң негизгиси, апасы кайтып келип, өз камкордугуна ала турганын билдирген. Учурда баланын ден соолугуна байланыштуу эч ким менен жолуктурбай жатышат.

— Негизи, баланын мүнөзү жайдары экен. Азыр да маанайы жакшы. Биз барып жолугуп, сүйлөштүк. Өзүн алып жүрүүсүнөн, сүйлөгөнүнөн мурда да ушундай уруп-сабоого кабылган деп айтуу кыйын. Ал эми мугалимдери: «Жакшы окуган, таза, дайым кам көрүлүп турган бала болчу», — деп жатышат.  Апасы менен байланышканыбызда, ал да мугалимдердин айткандарын тастыктады. Анан да, «Мындан ары баламдын жанында болом», — деди. Бул — абдан жакшы. Анткени, мындай учурда бала үй-бүлөсүнөн ажыратылбай, ар дайым апасынын көзөмөлүндө болот. Атасы бала кичинесинде эле каза болуптур. Апасы: «Жалгыз бакканга деле кудуретим жетет», — деди.

Адистердин баамында, бала буга чейин жакшы шартта жашап келген. «Антсе да, «9 жаштагы баланы автоунаасы менен сүйрөттү», — делип күнөөлөнгөн кишини кайра үй камагына кое берүү туура эмес чечим болду», — деп тынчсызданат акыйкатчы Токон Мамытов. Ошондуктан, баланын энеси келип, адистер менен жолугуп, камкордукту толук колуна алганга чейин, өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

— Биздин адистер бардык маалыматтарды тактап жатат. Энеси келгенде да жолугабыз. Бирок менин оюмча, таякесин кайра үй камагына чыгаруу туура эмес болду. Анткени, ал эми үйүнө баргандан кийин, «Сенин айыңан мени милициялар камашты», — деп ачуусун баладан чыгарып, дагы күч колдонушу мүмкүн. Муну алдын ким алмак эле. Ошондуктан, биз бул иштин аягына чейин көзөмөлдөйбүз. Энеси келип, «эми өзүм карайм» дегенге чейин менин карамагымда болот.

Бул — миграциянын кесепетинен башка бирөөнүн колунда чоңоюп, зомбулукка кабылган, ата-энесинен алыс өсүп жаткан балдардын бир мисалы гана. Акыйкатчы Токон Мамытов мындай учурлар көп экенин белгилейт. Ошондуктан, буга чейин өкмөт атайын чечим чыгарып, мигранттардын балдарын каттоо иш-чаралары да жүргөн. Анын жүрүшүндө зомбулукка кабылып жүргөн балдар да катталганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

— Биздин адистер 696 миң үй-бүлөнү изилдеп чыгышты. Мигранттардын 102 миң баласы туугандарынын, тааныштарынын үйүндө жашап жүргөнү такталган. Алар каттоого алынды. Өкүнүчтүүсү, ошол изилдөөлөрдө коомчулукка билинбеген 137 зордук-зомбулук фактысы да аныкталган.

Анткен менен үймө-үй кыдырып балдарды каттап, ар биринен убагында кабар алып турууга министрликтин адистери да, материалдык мүмкүнчүлүгү да жетишпейт. Ошондуктан, министр Улукбек Кочкоров: «Өкмөт башчы 7 миң калкка бирден социалдык кызматкер боло тургандай кылып, дагы 953 штат түзүп берүүнү колдоп, кол коюп берсе, мындай көрүнүштөрдү алдын алууга болмок беле?», — деген оюн билдирди.

— Бизге бул милдет жүктөлгөнү менен адистерибиздин саны, материалдык мүмкүнчүлүк жетишпейт. Ошондуктан, бизге кошумча 953 штат түзүп берүүнү колдоп берүүсүн суранып жатабыз. Ал үчүн бюджеттен 164 млн. сом керек болот экен. Эгерде адистер жетиштүү болсо, ал балдарды өз убагында карап, камкордук маселеси көзөмөлгө алынмак. Азыр бир райондо 4-5 эле социалдык кызматкер иштейт . 200-300 миң калкы бар райондордун тургундарынын акыбалын өз убагында билип турууга физикалык жактан мүмкүн болбой жатат.

Эске салсак, 27-апрель күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 8 жаштагы баланы уруп жатат деген арыз келип түшкөн. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, 2010-жылы туулган баланы 33 жаштагы таякеси таенесинин акчасын уурдаган деп, тарбиялоо максатында автоунаа менен сүйрөткөнүн кошуналары айтышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, айыпка күнөөлөнүп жаткан адам үй камагына чыгарылган.

Миграция агымы: Зомбулук көргөн балдар көбөйдү

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*