Мүмкүнчүлүгү чектелген 50 окуучуга угуу жабдыктары берилди

Угуу жабдыктары Бишкек шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын №21 атайын мектеп- интернатына тапшырылды. 

Аппарататтарды алууга Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги жана кайрымдуулук уюм жардамдашты.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин орун басары Жаңыл Алыбаеванын билдиришинче, ушул тапта Кыргызстанда 180 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт.

Алардын 30 миңдейин 18 жашка толо элек жаш балдар түзүүдө. Мамлекет колдон келген шартты түзүп бергенге тырышууда. Быйыл жөлөк пулдун пайызын жогорулаттык. 3 миң сомдон 4 миң сомго чейин төлөнүп жатат. Өнөктөштөрдүн колдоосунда угуу аппараттын алып жатабыз. Бул зарылчылык курч болчу”, -дейт  Алыбаева.

Материалдык жардам Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Катар мамлекети ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашты.

Мекеме маалымдагандай, өткөн жылы уюм  үйдө отурган майып балдар үчүн 100дөн ашык араба берген.

Мүмкүнчүлүгү чектелген 50 окуучуга угуу жабдыктары берилди

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*