Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Аяр Жан» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү борборунун шыбы жамгырдан улам түшө баштады. Бул тууралуу мекеменин директору Асылжан Дүйшөналиева билдирди.
Анын айтымында, мекемеде майып 6 бала, жашоо шарты оор 4 бала билим алат. Алар саат 8:00дөн 18:30га чейин тарбияланат.
«Бирок бизде 5 керебет жетишпейт. Мекемебиз оңдоого муктаж. Учурда 2 тарбиячы, 1 ашпозчу, 1 кызматкер болгону менен мамлекеттен акча бөлүнбөйт», – деди ал.
Turmush
15.05.2018
Leave a Reply