Акыйкатчы: Интернаттарда зомбулук тарбия катары колдонулуп келет

Балдар үйүндөгү оюнчуктар.

Акыйкатчынын балдар укуктарына арналган атайын баяндамасында интернаттарда балдар эмгегин мыйзамсыз пайдалануу, өспүрүмдөр арасындагы “чоңсунуу” сакталып жатканы айтылат.

Акыйкатчы институтунун атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөрүнүн негизинде даярдаган атайын баяндама бүгүн коомчулукка жарыяланат. Бул тууралуу Адам укуктарын коргоо институтунун басма сөз катчысы Элмира Мадиева“Азаттыкка” билдирди:

– Акыйкатчынын атайын баяндамасынын негизинде бүгүн тиешелүү тараптардын катышуусунда тегерек үстөл болот. Анда балдардын укуктарына байланышкан бир нече маселе көтөрүлөт.

Тегерек үстөлдө кароосуз калган балдардын жана мыйзам бузган жеткинчектердин укуктары да талкууланат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандагы интернаттарда 11 миң 422 бала тарбияланат, булардын 5% гана томолой, калганы тирүүлөй жетим. Иликтөөгө ылайык, тирүүлөй жетимдердин көбөйүшүнө турмуш-шарттын оордугу себеп болууда.

29-март, 2018

https://www.azattyk.org/a/29131989.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*