Зомбулукка кабылган майып кыздар

Кыргызстанда майып кыз-келиндер басмырланган же зордук-зомбулукка кабылган учурлар туурасында так статистика жок. Адистер буга жабырлануучулардын коомчулукка өз мүшкүлүн айтууну каалабаганы жана адилетсиз соттук чечимдер себеп болорун айтышат.

22 жаштагы Айсулуу (аты өзгөртүлдү) башынан өткөн окуясын айтып жатты. Ал тубаса майып. Ушундан улам жылына бир канча ирет укалоочуга кайрылып турат. Бирок ага акыркы барышы анын жүрөгүндө өчпөс так калтырган:

– Мени шаардагы ооруканалардын биринде иштеген укалоочу зордуктаган. Мага ал массажистти мактап, сунуштаган болчу. Эки жолу барганымда ал чындыгында кесипкөй көрүнгөн. Үчүнчү күнү мага кишинин көптүгүн айтып, “кечирээк кел” деди. Алгач укалап баштаган, кийин эле өз ишин кылды. Же тура албайм, же кыйкыра албайм. Эртеси ошол эле ооруканадагы дарыгерлерге кайрылсам, мага ишенишкен жок. Кызыгы, ал укалоочу өзү да мендей эле мүмкүнчүлүгү чектелген адам болчу.

Айсулуунун айтымында, анын курбу кыздары да ушуга окшогон учурларга кабылган экен.

“Мен карабасам сени ким карамак эле? Ушуга сүйүнбөйсүңбү?” деп кодулаган.

– Мага маалым болгон эки окуя бар. Белгилүү себептерден улам алардын аты-жөнүн айта албайм. Бирин өгөй атасы көп жыл бою зордуктап жүргөн, бирок ал кыз эч кимге айта алган эмес. Атасы “эгер айтсаң апаңа кыйын болот, апаңды ойло” деп коркутчу экен. Экинчисин таксист зордуктаптыр. “Мен карабасам сени ким карамак эле? Ушуга сүйүнбөйсүңбү?” деп кодулаган. Эки кыз тең окуясын эч кимге айта алган эмес.

Майып кыз-келиндер менен иш алып барган “Назик кыз” уюмуна мүчө болуп жүргөн Айсулуу өзүнө окшоп жабыркаган кыздар менен сыр бөлүшүп, жардам бергиси келет.

Уюмдун жетекчиси Үкөй Мураталиева майып кыз-келиндер кабылган зомбулуктун түрлөрүнө токтолуп, көпчүлүк учурда кыздар өз жакындарынан эле запкы көрөрүн белгиледи:

Үкөй Мураталиева.

Үкөй Мураталиева.

– Сексуалдык, экономикалык, үй-бүлөдө болгон зордук-зомбулук. Жөлөк пулун алып, каалагандай колдонуп, ал акчаны өз ээсине карматпагандары канча? Үй-бүлөдө басмырланганы канча? “Сен майыпсың, сени эч ким карабайт” деп зордуктап кеткени толтура. Эгер коомдо же массалык маалымат каражаттарында майыптардын укуктарын бузуу туурасында сөз болбосо, андай нерсе жок деген кеп эмес. Анткени ал кылмышкерлер жазасыз каларына ишенет. Ар кандай формадагы майыптык болот. Биринин акыл-эсинин өрчүшү жай. Алардын айрымдарын айылдаш балдар зордуктап жүргөн учурлар болгон.

Мураталиева айткандай окуя эки жыл мурда массалык маалымат каражаттарында коомчулуктун үрөйүн учурган. Сокулук районундагы айылдардын биринде майып кыз эки жылдан бери зордукталып жүргөнүбелгилүү болгон. Коңшу үйдө жашаган 18 жаштагы боз улан 13 жаштагы майып кызды кара күчкө салып зордуктап койгон.

Ошол каргашадан кийин Алинаны (аты өзгөртүлдү) айылдагы беш бала эки жыл бою көрүнгөн жерден зордуктап, каалаганча кордошкон:

– Биринчи жолу зордуктаганда окуя Рыспайдын сарайында болгон. Ал ишин бүткүчөктү достору терезеден шыкаалап карап турушкан. Андан кийин мага: “Мен чакырган жерге келгин, болбосо апаңа айтам” деген.

Алинанын ата-энеси 10 жашка чейин кыздын акыл-эсинде кемтиги бар экенин билишкен эмес. 2010-жылы дарыгерлер Алинаны текшерүүдөн өткөрүп, майып деп табышкан. Ошол себептен Алина шаар четиндеги майып балдар окуган жатак мектепте билим алып, жайкы каникулда гана үйүнө келип турган. Кызы үч ай үйүндө жүргөндө айылдаш балдар коркутуп, ар кайсы жерде кордоп жүрүшкөнү эненин үч уктаса түшүнө кирген эмес. Оорукчан кызынын тагдырына балта чабылганын көргөн эне айылдагы зөөкүр жигиттер тиешелүү жазасын алсын деп укук коргоо органдарына кайрылганы менен иш эки жыл бою ордунан жылган эмес.

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Адистер дал ушул акыйкатсыз соттук чечимдер же иштин токтоп калышы ушундай окуялардын көмүскөдө калышына түрткү болот деген пикирде.

“Майыптыгы бар адамга юридикалык жардам көрсөтүү” уюмунуна жыл сайын орто эсеп менен 500 киши кайрылат. Алардын 70% кыз-келиндер. Уюмдун жетекчиси Толкунбек Исаков укук коргоо кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иш алып барууну билбесин белгилейт.

– Негизинен айтканда укук коргоо органдары, сот кызматкерлери бул майып адамдар менен иш алып баруунун ыкмасын түшүнүшпөйт. Айрыкча кыз-келиндерге тиешелүү болгон маселелерди билишпейт. Негизи майыптыкка терс караган учурлар көп. “Булар өз укуктарын билишпейт, коргой алышпайт” деп адам катары көрбөгөндөрү да бар.

Майып кыз-келиндер зордукталган учурлар боюнча так статистика жок. Адистер алардын айрымдары гана коомчулукка белгилүү болорун айтышат.

Мындан төрт ай мурда Таластагы акыл-эсинен жабыркагандар тарбияланган интернатта кош бойлуу болуп калганы айтылган 19 жаштагы кыздын окуясы коомчулук көңүлүн бурдурган.

26-декабрь, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-invalid-girls-sexual-violence/28937765.html

1 Trackback / Pingback

  1. «Изнасиловал массажист». О насилии женщин с инвалидностью — Доступ к правосудию

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*