Тагдыр: Жаңы-Турмуштагы тар үйдө 12 адам жашаса, алардын алтоо майып (видео)

 

Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылында бир үй-бүлөдө мүмкүнчүлүгү чектелген 6 адам жашайт. 1-топтогу майып Токтокан Маматованын майып уулуна жер берилбегендиктен эки келини менен бир үйдө жашоого мажбур. Учурда бир үйдө 12 адам жашап жатышат.

Токтокан Маматова тубаса майып төрөлгөн. Ал мындан 4 жыл мурун төшөккө жатып калганын айтты. Учурда убактысынын басымдуу бөлүгү неберелерине жомок айтып, китеп окуп берүү менен өтөт.

«Менин 3 уул, 1 кызым бар. Бир уул, бир кызым мени тартып, оорукчан болуп төрөлүштү. Эң чоң уулумдун бир уулу, бир кызы дагы оорукчан. Келиним дагы 2-топтогу майып. Учурда тар үйдө 12 адам жашайбыз. Тун уулум Чубакка “жер алалы, өз алдынча бөлүнсүн” деп айыл өкмөткө жер сурап бир нече ирет кайрылганбыз. Бирок жер маселеси чечилбей жатат. Мен 3,5 миң сом пенсия алам. Ал дары-дармегимден ашпайт», – деди Т.Маматова.

Бул үйдүн тиричилигин өткөрүп, кирин жууп, тамагын даярдаган экинчи келини — Айпери Манас кызы. Анын күнүмдүк жумушу кайненеси менен балдарды кароо.

«Мен бул үйгө келин болуп келгениме 6 жыл болду. 3 балам бар. Менин жолдошум Сыргак кара жумуш кылат. Кимдин иши болсо барып иштеп келет. Мен балдар менен үйдө отурам», – деди А.Манас кызы.

Ал эми улуу келини Зулайка Жакыпова 2-топтогу майып. Учурда Гүлчө айыл өкмөтүндөгү кафелерде идиш жууп иштеп жатат.

«Бизге айыл өкмөт тарабынан жер берилсе жакшы болот эле. Азыр тар үйдө кайненем менен чогуу турабыз. Кызым дагы оорукчан, жакшы баса албайт. Жолдошум дагы тубаса майып туулган. Айыл өкмөткө жер боюнча көп жолу бардым. Жер бериле элек», – деди З.Жакыпова.

Жошолу айыл өкмөтүндөгү жер боюнча адис Мурат Топчубаевдин айтымында, Токтокан айымдын улуу баласы Чубак Эсеналиевге айылдан жер берүү каралган. Бирок Чубак айыл өкмөт көрсөткөн жерди алуудан баш тарткан. Учурда башка аймактан жер берүү каралууда.

Аталган үй-бүлөгө жыл сайын айыл өкмөт тарабынан көмүр отуну берилип турат.

Turmush 

19.12.2017

http://www.turmush.kg/news:337083/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*