Ноокен районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын «Соолубасын үмүттөр 2017» аттуу фестивалы өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Нурийла Бекжигитова 23-ноябрда кабарлады.
Анын айтымында, 23-ноябрда райондун Шайдан жана Масы айыл өкмөттөрүндө өткөн фестиваль «Биз биргебиз!» аттуу акциянын алкагында уюштурулду.
Шайдан айылындагы акцияга мүмкүнчүлүгү чектелген 20 адам катышып, алар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алар ыр ырдап, «Манас» дастанынан үзүндү айтышып, бийлерин көрсөтүштү. Фестиваль райондун бардык айыл өкмөттөрүндө 28-ноябрга чейин улантылат.
Ноокен районунда мүмкүнчүлүгү чектелген 1273 адам жашайт, алардын ичинен 86 адам 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Аларга жардам берүүчү уюм-мекемелер, ишкерлер бөлүштүрүлгөн.
Turmush
24.11.2017
Leave a Reply