Араван районунда акысыз юридикалык кеңеш берүүчү борбор ачылып, пайдаланууга берилди. 1-ноябрдагы ачылыш аземге юстиция министри Уран Ахметов, Юстиция министрлигинин Оштогу өкүлү Арапай Зияев, Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев жана райондогу жактоочулар катышты.
Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун негизги милдеттери — адилеттүүлүк үчүн аялуу топтордун, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү, акысыз юридикалык жардам, юридикалык билим берүү менен камсыз кылуу.
Учурда юридикалык кеңеш алуучулардын саны көбөйүп жатат. Буга байланыштуу мындай акысыз борборлор ачылып жатканын министр кошумчалады.
Turmush
03.11.2017
Leave a Reply