Фото – Сузакта 4 майып жашаган Ж.Хидировдун үй-бүлөсүнө чет өлкөдөгү мекендештер үй куруп жатышат

Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылындагы бир үй-бүлөдө төрт майып жашаган Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлүп, аларга 4 бөлмөлүү үй тургузулууда.
Маалым болгондой, кечээ, 7-июлда өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бир үй-бүлөдөгү 4 майыптан кабар алып, өзүнүн резервдик фондунан 30 миң сом жардам берди.

Бул үй-бүлөдөгү 37 жаштагы Жеңишбек Хидировдун эки буту иштебей калган, ал эми 60 жаштан ашкан апасы Сурмакан Хатамова белинен чыккан шишиктен улам ордунан туруп баса албайт. Жеңишбектин бир тууганы Айгерим жана жалгыз кызы дагы майып. 2 уулу бар. Бул үй-бүлөдөгү бардык мүшкүл Жеңишбектин аялы Ширин Адановага жүктөлгөн.

Учурда бул үй-бүлөгө Сузак районундагы Жумакан Жаркулова жетектеген «Асылай» ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коому, Бишкектеги Азамат Байматов жетектеген «Кайрымдуу бол» кайрымдуулук фонду жана чет элде иштеп жатышкан мигрант жердештерибиз Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсүнө 4 бөлмөлүү турак жайды куруп жатышат. Бул жаңы үй эки айдын аралыгында бүткөрүлүп, тапшырууга берилет.

Өкмөттүн өкүлү турак жайды курууда жардам керек болсо көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Анын Октябрь айылындагы майыптардын үй-бүлөсүнүн кабар алуусунда Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, Багыш айыл аймагынын башчысы Райымбек Мырзабеков бирге болушту.

Буга чейин Turmush басылмасы Жеңиш Хидировдордун үй-бүлөсү бирөөнүн 2 бөлмөлүү үйүндө жашоо кечирип келишкендиги тууралуу маалымдаган.

Алар үйдүн абалы оор, шарты жок болсо да акысыз жашап жатканына ыраазы. Үйдүн көрүнүшү, шарты ыңгайсыздык жаратканы менен үй-бүлөнүн ынтымагы, жашоого болгон позитивдүү көз караштары барган адамга жылуулук тартуулайт. Бул үй-бүлөдө Ж.Хидировдун 3 баласы, жубайы жана апасы, бир тууган карындашы болуп 6 адам турат. Үй ээси Жеңиш Хидиров, Хатамова Сурмакан биринчи топтогу, бир тууган карындашы Айпери экинчи топтогу майып. Туң кызы Айсезимдин да бутунун өсүүсү өзгөрө баштаган.

Учурда алар жашаган үйдүн кире беришинин шыбы түшкөн абалда турат. Турак жайдын ичинен майда жаракалар кадам аттаганда эле көрүнүп турса, уктоочу бөлмөдөгү шыбында узунунан кеткен майда жарака кооптуулукту жаратууда. Бул үйдүн эң улуусу 58 жаштагы Сурмакан Хатамова үйдүн абалы ойлондуруп жатканын жашырган жок.

«Үй ээсине рахмат, ушул үйдө акысыз көп жылдан бери жашап жатабыз. Тынымсыз жааган жаан-чачын да үйгө таасирин берип жатат. Кокустан катуурак жер титирөө болсо балдарым, неберелерим кырсыктап калабы деп ойлоном. Ушул жаткан бөлмөбүздүн үстү түшпөсө экен деп кудайдан тиленип отурам, жамгыр жааган күнү уйку деле жок», – дейт Сурмакан апа.

Ж.Хидиров кичинекей кезинде, тактап айтканда 4-класска жеткенде бутунун өсүүсү өзгөргөн. Ошентсе да мектепти бүтүрүп, медреседе билим алган. Үчүнчү баласы төрөлгөндөн кийин бел оорусунан улам майып арабага отуруп калган. Таяк таянып жүргөн учурунда эл катары Москвага барып иштеп, автоунаа алган. Азыр ушул унаа менен бүлөсүн багууда. Буга чейин Октябрь— Жалал-Абад каттамына да чыгып көргөн, бирок таксисттердин көптүгүнөн ага кардар жетпей калат.

«Россияда кара тизме чыккандан кийин бизде таксисттер арбып кетти, кезек алуу кыйын. Анан кардарды алуу үчүн жүргүнчүнүн сумкаларын, буюмдарын көтөрө калып, унааларына алып келишет. Мага кардардын буюмдарын көтөрүү кыйынга турат. Таанып-билгендер Ошко башка аймактарга жеткирүүнү суранышат, ошону менен гана тиричилик өтүп жатат», – дейт ал.

Ал мамлекеттен берилген жөлөк пул, туугандарынын көмөгү менен тиричилиги өтүп жатканын белгилейт.

«Коляскада отурган адам үчүн бийликке кайрылуу деле кыйын экен. Жер тилке боюнча айыл өкмөткө арыз жазып жатабыз, айылдык кеңештин депутаттары жер тилке маселесин чечип берүү боюнча сессияда караганын угуп жатабыз. Буюрса биздин үй-бүлөгө жер берилет деген үмүттөбүз», – дейт ал өз сөзүндө.

Үйдүн кадырлуу адамы Сурмакан Хатамова эки кыз, бир уулду тарбиялап, кезегинде эгин талаада, тигүүчү фабрикада иштеген. Белинде чурку пайда болуп, дарыланганы менен 2006-жылдан тарта баспай калып, мындай жашоого да көнгөн. Жөн отурбастан ар кандай буюмдарды токуп отурат. Быйылкы жылы демөөрчүлөр тарабынан «Асыл-Ай» мүмкүнчүлүгү чектелген коомуна келген түрдүү жиптер ага да берилип, кышы менен ар кандай жоолук, моюн орогучтарды түйүп чыкты. Ага буйрутма бергендер да көп болуп, бир аз тыйын топтоду.

«Гүл аралатып түйүлгөн жоолук, шарфтарды, кемселдерди жакшы сатып алышат. Ушул иш менен алаксып отуруп, ооруганымды деле билбей калам. Жип түгөндөндөн бери иши жок отуруп калдым. Жип алуу деле акча экен, ал бизге бир аз оор болуп турат. Жиптен жардам болсо жакшы болот эле», – дейт Сурмакан апа.

Ошондой эле, ал 4-класстагы небересине да түймөнүн ыкмаларын үйрөтүп жатат. Бул үй-бүлөдөгү Жеңиш менен карындашы Айпери жакында эле 3 айлык компьютердик курсту аяктаган. Айпери болсо «Асыл-Ай» коому өткөргөн иш-чараларга активдүү катышып келет. Ал да тигүүчүлүк менен алектенет. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды да жумушка тартуу долбоору менен 4 ай иштеген.

Бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү колунан келген аракетти жасап, жашоо кечирип келишет. Эгер жер тилке берилип калса, тууган уруктардын жардамында 2 бөлмө болсо да үй курууну кыялданышат.

Turmush 

08.07.2017
http://www.turmush.kg/news:327669?from=portal&place=imp-turmush-kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*