Ысык-Көлдүн Бостери айылынын тургуну майып балдар үчүн борбор ачууда (фото)

Ысык-Көл районунун Бостери айылынын тургуну Роза Токтобаева чет элдик уюмдарга атайын долбоор жазып, материалдык колдоо тапкан соң, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын борборун ачып жатат.
Маалым болгондой, учурда борбор үчүн айылдагы мектептен атайын бөлүнүп берилген бөлмөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын июль айылынын ортосунда ачылат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, үйүнөн чыга албаган балдар бул борбордон билим алып, өздөрүнө пайдалуу ар кандай ийримдерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Борбор 20 балага ылайыкталып жасалууда.

Turmush

26.06.2017
http://www.turmush.kg/news:326917/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*