Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында шахмат боюнча шаардын биринчилиги өттү. Бул тууралуу шаардык мэрияга караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан бүгүн, 2-майда маалымдашты. Маалыматка ылайык, медалдар А жана Б деп бөлүнгөн эки тайпада ойнотулган (А – көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген же көзү көрбөгөндөр, Б – угуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер же угуу мүмкүнчүлүгүн толук жоготкондор). Бул өткөрүлгөн турнирдин максаты – жеңүүчүлөрдү бүткүл республикалык турнирге тандап алуу болгон. А тайпасында балдар арасында Курманбай уулу Замир жеңүүчү деп табылса, кыздар арасында Кенжебек кызы Айжан жеңүүчү аталган. Ал эми Б тайпасынын жеңүүчүлөрү болуп Нуртилек Мамажусупов жана Сабина Карыбекова табылган.
Фото: Интернеттен алынды
Автор: Кенжебай Сатканалиев
02-05-2017
Leave a Reply