Мас айдоочунун айынан майып болуп, бутуна 23 бурама темир койдурган 9 балалуу Б.Турганбаев компенсация берилбегенине нааразы (фото, видео)

 

Автомобиль Б.Турганбаева после ДТПМесто ДТПСупруга Бакыта ТурганбаеваСостояние автомобиля «Мазда Демио» после ДТПСвидетель ДТП

Түп районундагы Долон айылынын 57 жаштагы тургуну Бакыт Турганбаев мас абалдагы айдоочунун айынан жол кырсыкка кабылып, майып болуп калганын билдирди.
Б.Турганбаев кырсыкка чейин устачылык менен алектенип, үй-бүлөсүн багып келген. 2015-жылдын 15-ноябрында «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаасы менен Долон айылынан Каракол шаарына бара жатканда жол кырсыгына кабылган. Окуя таңкы саат 04:30  чамасында болгон. Ага бет мандай келе жаткан «Мазда Демио» унаасы аны сүзүп кеткен. Ал унаа Кош-Дөбө айылынын тургуну С.Жанышбектин башкаруусунда болчу.
«Ауди-100» унаасынын жүргүнчүсү Советкан Макыбаева ошол маалда кош бойлуу болгон. Анын айтымында, алар жол кырсыгынан кийин айдоочу өлүп калды деп ойлошкон.
«Биз акырын эле кетип бара жатканбыз. Бир маалда тарс деген катуу үн чыкты. Эсибизди жоготуп, көзүбүздү ачсак айдоочу дөңгөлөккө кыпчылып калыптыр. Өлүп калды го деп ойлодук. Андан соң, «жардамга» деген акырын үн чыкты. Тез жардам кызматы келип, бизди алып кетти», – дейт ал.
Ал эми Б.Турганбаев сүзгөн айдоочу тойдон келе жатканын, мас абалда экенин айтууда.
«Жол кырсыгынан кийин 2-топтогу майып болуп, таяк менен басып калдым. Денемдин сол капталы жабыркады. Сол бутум 23 бурама темир (шуруп) менен карматылып, 10 күндөн ашык жандандыруу бөлүмүндө жаттым», – дейт ал.
Анын айтымында, сүзүп кеткен Жанышбек 2 миң сом гана жардам берген. Ошол тапта бутуна 30 миң сомго операция жасалган. Учурда денесиндеги темирлерди алдырууга каражаты жетпей жатканын айтат.

Маалым болгондой, иш алгач Түп райондук сотунда, кийин Ысык-Көл облустук сотунда каралган. С.Жанышбек 2 жылга үй камагына кесилген жана жабырлануучуга материалдык төлөм берүү чечими чыгарылган. Жабырлануучу окуя болгондон бери бир жарым жыл убакыт өтсө да эч кандай жардам болбой жатканын айтып нааразы.
Учурда Бактыбек Турганбаевдин сол буту жана колу 30% гана бүгүлөт. Денесиндеги темирлерди алдырууга каражаты жетпей, соттун чечимине баш ийбеген Жанышбекке нааразы экенин айтат. Түп райондук Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы Мурат Жумабеков жол кырсыкка К.Жанышбе күнөөлүү деп табылганын тастыктады.
Б.Турганбаев үй-бүлөлүү, 9 баланын атасы.

Turmush 

13.03.2017

http://www.turmush.kg/news:321310?from=portal&place=imp-turmush-kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*