Айыл турмушу: Аравандык М.Токтосунова 1-топтогу майып экенине карабай изденүү менен талантын тартуулап келет (видео)

 

кун5кун3кун1кун4кун2кун6

 Араван районундагы Төө-Моюн айылында жашаган 1-топтогу майып Манзура Токтосунова таланты менен таанымал. Ырга болгон шыгы эрте ойгонгон ырчы айымдын көзүнүн көрүүсү 7 жашынан тартып кескин түрдө начарлап кеткен. Талант менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен маектешти.

«Бала бакчада жүргөндө ырдап, юморлорду аткарчумун. Мектепке барганда класстагы тактаны көрбөй калдым. Мени райондон келген дарыгерлер текшерүүгө алып, мектепте окуганга болбой турганын айтты. Бирок, билим алууга болгон кызыгуумду эч ким токтото алган жок. Мен да эл катары окугум келди. Жашоо шартыбызга байланыштуу көзү азиз балдарга билим берген мектепке бара албай калгам. Бирок Төө-Моюн айыл өкмөтүндөгү №24 мектепте 9 жыл билим алдым. Ал мектепте ден соолугу таза балдар окуганына карабастан алар менен аралашып окудум. Мектепке бара жатып ылайга жыгылган учурлар көп кездешкен. Балдар шылдыңдап күлүшсө үйгө барып кийимдеримди алмаштырып, кайра 
мектепке келчүмүн», – деди ал.

Манзура мектепти 9 жыл бою жалаң гана «5» деген бааларга окуган. Ден соолугуна байланыштуу айрым сабактардан четтетилип турган. Сүрөт, эмгек жана дене тарбия сабактарына катышпаганы менен башка сабактарды мыкты өздөштүргөнүн айтат.
Музыкага болгон кызыгуусунан улам жогорку билим алууну көздөгөн. Бирок, ноталарды көрө албагандыктан комузду өз алдынча үйрөнүүгө аргасыз болгон.
«Апам колум аркылуу ноталарды сезе билип, комуз черткенди үйрөткөн адам таап берди. Ал мугалим баш бармак жана чыпалактар аркылуу комузду күүлөп чертүүнү үйрөттү. Кызыгуум күч болгондуктан тез эле үйрөнүп кеттим», – деди М.Токтосунова.
Ал бала кезинен ырдап, дастан айтып, ыр жазат. Өз тагдырын ак кагазга түшүргөн каарманыбыз радио сүйүүчүлөрдүн катарын толуктайт. Ал тургай конок катары байма-бай чакырууларды алып турат. Радиолордун биринде жазган ырларын көркөм окуп, угармандардын купулуна толгон. Ал тургай алардын колдоосу менен «Жүрөк оту» деген аталыштагы китеби жарык көргөн. 2015-жылы 150 нускада чыккан ырлар жыйнагы ыр сүйүүчүлөрдүн колдоосун тапкан.

Таланттуу айым өзүнүн айылында концерт өткөрүп, андан түшкөн каражатка Бишкек шаарында көзүн текшерүүдөн өткөргөн.
«Көзүм жарыкты бир аз көрөт. Жакындан ак-караны айырмалай алат. Жарыктын шооласын аз болсо да көрүп жатканыма шүгүр. Дарыгерлер көзүмдүн көрүүсүнө кепилдик жок экенин айтышты. Тобокелге барып, операция жасатуудан корком. Артык кылам деп азыркы көрүп жаткан жырыктын нурунан ажырап калгым келбейт. Каражат топтоп, чет өлкөлүк дарыгерлерге текшертип көрөм деп ниет кылып жатам. Колунда бар жарандардан комуз алууга жана чыгармачылыгымда кийүүчү формаларды тиктирүүгө жардам сурайм»,- 
деди М.Токтосунова.

Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өтүүчү кароо-сынактарга катышып турат. Ал тургай көпчүлүк сынактардын жеңүүчүсү да болгон. Сынактарга катышууга оңой болсун деп атайын Ош шаарына көчүп келген.

Turmush 

03.11.2016

http://osh.turmush.kg/news:314140/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*