Саламаттыкты сактоо министри: “5 жаштагы майып баласы менен келген Таттыгүл Шамиеваны кабыл алгам. Кууп чыккан эмесмин”

Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына 5 жаштагы майып баласы менен келген Таттыгүл Шамиеваны кабыл алып, бирок кууп чыкпаганын билдирди.

“Мен ал баланы апасы менен кабыл алгам, бирок аларга орой мамиле кылган эмесмин. Ал менин табиятыма каршы келет. Мен дарыгер катары анте албайм. Айыкпас дарты болсо деле үмүтүн жоготкон сөз чыгышы мүмкүн эмес. Бир эмес, бир нече жолу кайрылса да тажабайм, кабыл ала берем. Министрликтин эшиги 24 саат бою ачык, иш бөлмөмө ар бир адам кире алат”, – деп кошумчалады Батыралиев.

Ал эми жардам берүү туурасында министр төмөнкүлөрдү айтты:
“Тилекке каршы, биз мыйзам чегинде гана жардам бере алабыз. Жардам сурап кайрылгандар көп, колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылабыз”.

Эскерте кетсек, 5 жаштагы көзү көрбөгөн, баса албаган майып Кадырбек Арзыбаевдин апасы Таттыгүл Шамиева саламаттыкты сактоо министринин кабинетине жардам сурап барып, министрлик гуманитардык жардамга келген дарыдан берерин билдирип, “мындан ары акча сурап келбегиле” деп кабинетинен чыгарып койгонун айткан.

“Таттыгүл Шамиеванын майып баласынын документтерин тактап, министрликтин кепилдик программасынын долбоорунун алкагында тийиштүү дары-дармектер берилет”, – деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

 Автор: Акназар Сулайманкулов
                                                                                                                                             08-07-2016
                                                             http://www.super.kg/mobile/kabar/news/153509/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*