Кыргызстанда майып балдардын төрттөн бири гана мектепке барат

Расмий маалыматтар боюнча, өлкө аймагында мектеп курагындагы балдардын саны 26 600дөн көп. Бирок алардын жети миңден ашууну гана билим алат. Майып балдардын төрт миңи жалпы билим берүүчү мектептерде, угуусу жана көрүүсү начар 2,5 миңге чукул жеткинчек атайын мектептерде окушат. Ал эми акыл-эси начар өрчүгөн 600дөн ашуун бала үчүн атайын жардамчы төрт мектеп бар.

Адистер бүгүнкү күнү майып жана акыл-эси начар өрчүгөн балдардын 28% гана билим аларын айтышат.

Кыргызстандын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамында кыргызстандыктар жынысына, улутуна, ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнө жана түрдүү ишенимдерине карабай билим алууга укуктуу экени жазылган.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*