Ноябрдан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жогорулатылган жөлөкпулдар берилет

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ноябрь айында жогорулатылган жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, ВИЧ же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар; мүмкүнчүлүгү чектелген балдар; ата-энесинин биринен ажырагандар; ата-энесинин экөө тең жоктор; ата-энеси белгисиздер; бала чагынан майып адамдар үчүн жөлөкпулдар көбөйөт.

Президент айрым категориядагы адамдарга берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду.

“Бүгүн токтомдун долбоору министрлер кабинетинде каралууда. Жөлөк пулдар, алардын көбөйүшүн эске алуу менен министрлер кабинети токтом кабыл алгандан кийин ноябрдан баштап төлөнө баштайт”, – деп билдиришти министрликтен.

https://www.akchabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*