2016-жылдан тартып «Тилектештик автобусу» 1235 калктуу конушту кыдырып, 15 миңден ашуун адамга укуктук жардам көрсөтүштү (видео)

Тилектештик автобусу 2016-жылдан тартып Кыргызстандын аймагын кыдырып келет. Бул өлкөбүздүн алыскы аймактарына чейин чыгып, калкка АКЫСЫЗ укуктук жардам көрсөтүүчү адвокаттардын, нотариустардын, юристтердин жана башка адистердин тобу. 

2016-жылдан тартып «Тилектештик автобусу» 1235 калктуу конушту кыдырып, 15 миңден ашуун адамга укуктук жардам көрсөтүштү. 

“Тилектештик автобусу” демилгеси БУУнун Өнүктүрүү программасынын  (БУУӨП) жана Финляндия ТИМинин калктын аяр тобунун укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган  долбоорунун алкагында ишке ашырыла баштаган. 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*