Кокустан майыптыгы бар адамды көрсөм эжемдин айтканы эсиме кылт этет. Бул окуяны мага бир эжем айтып берген:
“Кызымдын үйүнө туушкан кайнагасы буту баспаган 4-5 жаштагы баласын алып, догдурга көрсөтөм деп келиптир. Бала тамак ичет, сакоолонуп сүйлөйт, ордунан талпынып ойнойт, оюнчугуна жетпей калса жата калып тоголонуп барып жетип алат экен. Кыжалат болдум, боорум ачыды.
Ал эми кызымдын 5 жашар баласы Атай анда бала бакчага барчу. Бакчадан келери менен жанагы баланын жанынан чыкпай, машина ойнойт, альбомго бир нерселерди тартып көрсөтөт, китепти эжелеп окуп берет, китептин сүрөттөрүн барактап көрсөтөт. Кечки жатаарга чейин баягы бала менен алек болуп тегеренип жүрөт. Ошентип ата-бала догдурга көрүнүп 15 күндөй жүрдү эле, Атай 15 күндөй баягы бала менен ойноп атып балага жазганды, окуганды, калем кармаганды, сүрөт тартканды үйрөтүп коюптур. Аягында Атай эртен менен бакчага кеткен атса кичине бала ыйлай турган болуп калыптыр, кетпе деп.
Акыры кетишти алар. Анан Атайдан сурадым кандай бала экен деп. Атай мага бала абдан жакшы бала экенин, акылдуу экенин айтты. Буту баспайт экен, чулдурап сүйлөйт экен деп бир ооз айтпады. Баланын акыбалын болгонундай кабыл алып, ошого жараша мамиле жасап жатканына аң-таң калдым. Көрсө бала турмушту эч бир боексуз, алдын ала түзүлгөн стереотипсиз, жакшы-жаман деген пендечилик пикирлерсиз, болгонун болгондой кабыл алат турбайбы!
Чоң адам дагы турмушту так ушундай кабыл алса кандай гажап болмок! Баланы чон адамдар, биз бузат турбайбызбы, ал андай, бул мындай деп пикир кошуп, тетири үйрөтүп!
Тескерисинче, чон адамдар баладан турмушка мамилени үйрөнүш керектигин баамдап калдым. Ошондон кийин майып адамга боор ачыбай аны менен тен ата сүйлөшүп калдым!
Ошондон кийин француздардын киносу чыкты 1х1 деген. Негр жигит өзү бай, бирок буту-колу иштебеген адамды багат эмеспи? Кинодогу жигит тиги адамга тен ата болуп, тирешип, тамашалап, ойноп, күлдүрүп багат. Кээде тиги адам оорукчан экенин да унутуп калып жыргап жүрүшөт. Көрсө кандай адам болбосун тең ата мамилени жактырат экен. Неберем Атайдын сабагы институттун бир курсундай болду”.
Курсанай Саипова. Врач
https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=212784320794828&id=100061897854502
Leave a Reply