Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын адистештирилген мектеп-интернатынын абалы менен таанышып чыкты. Майып балдардын күнүнө жана Жаңы жылга карата мектепте окуган 115 окуучуга белектерин тапшырып, ар бир классты жылытуучу мештер менен камсыздады.
Мындан сырткары, окуу жылынын аягына чейин окуу жайдын интернет төлөмдөрүн да толук өз мойнуна алып, интернаттын жатакана, ашкана, ажаткана, жуунуучу жай жана спорт аянтчасындагы көйгөйлүү маселелерди да чечүүгө каржы булактарын издей тургандыгын белгиледи.











Leave a Reply