Достор, блогерлер арасындагы “Кыргызстандыктардын укуктук маданияты” деген сынактын мөөнөтү 2021 жылдын 10-декабрына чейин узартылды!
Кыргызстандык жарандардын укуктук маданиятын көтөрүүгө багытталган медиаматериалдарды жасоо үчүн блогерлер арасында сынак жарыяланат.
Укуктук маданият деген эмне? Укуктук маданият – бул коомдун укукка, мыйзамдарга карата мамилеси. Ал мамиле жарандардын өз ара карым-катышынан, жумуштагы, көчөдөгү, үй-бүлөдөгү жүрүм-турумунан көрүнүп турат. Укуктук маданият каада-салттын, маданияттын жана укуктук билим берүүнүн таасири астында кылымдар бою калыптанат.
Учурдун укук маданияты адилеттүүлүк, теңдик жана эркиндик принциптерине таянат, өзүн өзү билемдикке, ээн баштыкка жол бербейт жана ошол эле учурда ар бир адамга тандап алуу, ойлонуу, өз пикирин эркин билдирүү, каалаган жеринде жашоо… эркиндигине укук берет. Жалпысынан биз кайталангыс жашоо мүнөзүн түзүп алуу укугуна ээбиз, бирок ошол эле учурда башка адамдардын да укуктары менен эркиндиктерин сыйлайбыз.
Сынактын максаты кыргызстандык жарандардын укуктук маданияты менен укуктук аң-сезимин өстүрүү болуп саналат.
Сынакка блогерлер катыша алат. Медиаматериалдар ар кыл форматта – текст (эссе, ыр, макала, блог); графика (видео, фото) жана аудио (подкаст) түрүндө кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.
Сынактын материалдары социалдык түйүндөрдө, блог платформаларында жарыяланса болот.
жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болуу;
укукка карата туура мамилени, коомдун укуктук маданияты ар бир адамдын өзүнөн башталат деген пикирди калыптандыруу;
жарандарды укуктук аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү жүрүш турушка чакыруу: мекенчилдикке, мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктары менен кызыкчылыктарын сыйлоого үндөө;
укуктук маданият мыкты сакталган коомдо гана ар бир жарандын бак-дөөлөттүү жашоосуна мүмкүнчүлүк түзүлөт деген идеяны жеткирүү;
Leave a Reply