Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө мыкты материалга журналисттер арасындагы сынак

КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) координациялоо боюнча борбору БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө мыкты материалга журналисттер арасындагы конкурс жарыялайт.

 

Конкурстун алкагында өлкөдөгү укуктук жардам системасы жөнүндө, “МКЮЖ жөнүндөгү” Мыйзамдын жаңы нерселери тууралуу, укуктук маданиятты жогорулатуу, милдеттерди ак ниеттүү аткаруу жана мыйзамдарды сактоо маанилүү экендигин жарандарга жеткиликтүү формада түшүнүк берүүчү, агартуучулук мүнөздөгү материалдар, ошондой эле Акысыз укуктук жардам көрсөтүү борборлорунун ишинин үлгүлүү мисалдарын чагылдыруучу материалдар каралат.

 

Төмөнкүлөр конкурстун негизги максаты болуп саналат

  • калкты укуктук жактан агартууга көмөк көрсөтүү;
  • сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана калктын укуктук жактан маалым болуусуна жардам көрсөтүү;
  • жарандарды Кыргыз Республикасында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө, “МКЮЖ жөнүндө” Мыйзамы жөнүндө маалымат берүү;
  • МКЮЖ координациялоо боюнча борбордун жана юстициянын аймактык башкарууларындагы Акысыз укуктук жардам көрсөтүү борборлорунун иши жөнүндө маалымдоо;
  • өлкөдөгү акысыз укуктук жардам көрсөтүүнүн актуалдуу маселелерине массалык маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулуктун көңүлүн буруу;
  • мыйзамга баш ийген жарандарды тарбиялоо жана калктын укуктук сабатсыздыгын жоюу.

 

Конкурстун жеңүүчүлөрү телекөрсөтүү, радио, басма сөз жана интернет-басылмалар үчүн өзүнчө аныкталат. Конкурстун жыйынтыгы боюнча үч жеңүүчү тандалып алынат:

  1. Телекөрсөтүү – сыйлыкка смартфон
  2. Радио – сыйлыкка смартфон
  3. Басма сөз жана интернет-басылма – сыйлыкка смартфон

Жеңүүчүлөрдү МКЮЖ КБ жана БУУӨПтүн адистеринен турган комиссия аныктайт.

 

Катышуучу 2019-жылдын 1-марттан 25-мартка чейин meri.bekeshova@undp.org;  chalybaeva14@mail электрондук почтасына кыргыз же орус тилдериндеги бир же андан көп материалдарын жөнөтүүгө тийиш. Катта өзү жөнүндө маалыматтарды: Аты-жөнү, иштеген жери, байланыш маалыматтарын көрсөтүүсү зарыл.

Конкурстун уюштуруучулары конкурска катышуу үчүн келип түшкөн материалдарды кийин колдонуу укугун өзүндө калтырышат.

 

Материалдар кандай түрдө кабыл алынат?

– теле-радио материалдар видеого же  файлдык хостингге (youtube, namba) жүктөлүүсү керек, уюштуруучуларга электрондук почта аркылуу аларга болгон шилтемелер гана жана материалдар жөнүндө кыскача төмөнкү маалыматтар жөнөтүлөт: эфирге чыккан күнү, темасы, хронометраж;

– газеталык жана журналдык публикациялар pdf же jpeg форматында сканерден өткөрүлүп, уюштуруучуларга электрондук почта боюнча жарыкка чыккан күнү жөнүндө маалыматы менен жөнөтүлөт;

– интернет-басылмаларда иштеген журналисттер интернетте өздөрүнүн материалдарына шилтемени гана жөнөтүшөт;

 

Баалоо критерийлери

Сунушталган иштер конкурстун тематикасына жана конкурстун негизги максаттарына туура келүүгө тийиш.

Стиль жана форма: материалдардын актуалдуулугу, аныктыгы жана маалыматтык камсыздалуусу, теманы ачып берүүнүн тереңдиги, кайталангыстыгы жана материалды ачып берүүдөгү көркөмдүк.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*