Септи кайтарып берүү керек! (Адвокаттын блогу)

Жакеев Эркинбек, Кара Кулжа райондук

Акысыз укуктук жардам борбору

 

Биздин элге укуктук маданиятты сиңирүү керек деп байма бай атып келебиз. Бирок канткенде башканын укугун тебелебегенди, башканын кызын өз кызыңдай көрүш керек экенин элге айтып жеткире алабыз. Көпчүлүк учурда, мыйзамды билбестиктен адамдар өзүнүн жашоосун оорлотуп алышат.

Бир күнү биздин укуктук жардам көрсөтүү борборуна жашы 30га барып калган Мира деген келин кайрылып калды. Ал жолдошу менен ажырашып, бир баласы менен өз төркүнүндө жашап жаткан экен. Бирге жашабай калгандан кийин, ата энеси жана туугандары менен бирге кайын журтуна барып, ата энеси үйлөнүү тойдо белеке деп берген септерин кайтарып берүүсүн сураган. Бирок кайын журту аны кайтарып берүүдөн баш тартышкан. туугандар да өз ара сүйлөшүп көрүшкөн. Баардык аракеттерден майнап чыккан эмес.

Мира турмушка чыгып жатканда, ата-энеси сеп катары 2 сандык, 1  гарнитур, 2 чоң килем, 1 плед, 1 терезе пардо, 12 жөлөнгүч жаздык, 16 жууркан, 16 жер төшөк, кир жуугуч машина, муздаткыч жана башка үй тиричилигине керектүү идиш аяктарды беришкен. Бул септи тынч эле ич ара сүйлөшүп кайтарып алуу үчүн жергиликтүү аксакалдар сотуна да кайрылышкан. Аксакалдар соту “силер тууган экенсинер, маселеңерди чечүүгө кирише албайбыз, өзүңөр чечишип алгыла” деп коюшкан.

Мира “Калкка акысыз укуктук жактан жардам көрсөтүү борборуна” кайрылгандан кийин, мыйзамга ылайык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйүнө барып күбөлөрдүн катышуусунда сүрөткө тартып, материалдарды топтоп, акт түзүп, тараптарга кол койдуруп Кара Кулжа райондук сотуна доо тартибинде арыз менен кайрылдык. Доо арызды соттун өндүрүшүнө кабыл алынып, соттук чакыруулар жүргүзүлдү.

Соттук териштирүү башталаар алдында жоопкер тарапка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, септи толугу менен доогерге кайтарып берүүнү чечти. Доогер тарап, септи алуу жөнүндөгү доо арызын кайтарып алып, жашы жете элек балага алимент өндүрүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрадан сотко кайрылды.

22/02/2019

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*