Өзгөчө балдарды чектебейли (видео)

 

“Сорос – Кыргызстан” фондунун демилгеси менен Бишкекте 3-июлдан 7-июлга чейин инклюзивдик билим берүү боюнча эл аралык жайкы мектеп уюштурулган. Анда Армения, Украина, Молдова, Венгрия, АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн педагогдору билим берүүдөгү өзгөчө балдардын орду жана методикалар тууралуу ой бөлүшүп, тажрыйба алмашкан эле.

Борбор Азиядагы Америка университетинде инклюзивдик билим берүүнүн өзгөчөлүгү, заман талабы, укуктук-нормативдик нускамалар, мыйзамдык база боюнча түзүлгөн жайкы мектепке сексенден ашуун адис чогулган.

Кыргызстандан ага Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин, инклюзия лабораториясынын адиси Замира Запарова катышты.

– Өзгөчө балдарга керектүү жаңы мамиле, ыкмаларды уга алдым. Эң негизгиси бул жайкы мектепте инклюзивдик билим берүүгө өтүүдө кайсы фактор маанилүү деген суроонун үстүндө талкуу жүрдү. Биринчиден, өзгөчө балага ата-энеси, классташтары же курбулары, коомчулук да мамилени өзгөртүшү керек экен. Айрыкча маалымат каражаттарынын бул иште ролу орчундуу. Себеби, инклюзия тууралуу так, жетиштүү маалымат таркатууда медиа каражаттары башкы курал.

Ал эми иш-чараны уюштурган “Сорос Кыргызстан” фондунун билим берүү программасынын директору Валентин Дейчман өзгөчө балдарды коомго аралаштыруу жана жалпы билим берүүчү жайларга киргизүү жаатында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда абдан чоң иш жасалып жатканын, бирок инклюзиялык билим берүүнү өнүктүрүү жаатында дагы далай иштер талап кылынарын айтты:

– Биздин өлкөнү башкалар менен салыштырууда кандайдыр бир объективдүү параметр жок. Жалпысынан Казакстанда инклюзивдик билим берүү алдыда деп айтылып келет. Ал эми Кыргызстан андан кийинки орунда. Тажикстанда кырдаал бир аз начарыраак болушу мүмкүн. Кайсы өлкө биринчи баштап, ресурстары көбүрөөк болсо жылыш да ошого жараша эмеспи. Өзгөчө балдарды жалпы мектепке кошуу тажрыбайсы бизде ишке ашып жатат. Бирок бул иш ыргактуу жүрбөгөндүктөн, натыйжасын таасын байкоо кыйын.

Инклюзивдик билим берүүнү толук кандуу ишке ашырып, орто мектептерде өзгөчө балдарды бөлүп-жарбай, коомдо өгөйлөбөй кабыл алууну ишке ашыруу үчүн укуктук-нормативдик пайдубал бекем болуп, мыйзамдар толук кандуу иштеши керек. Майып же социалдык жактан корголбогон жеткинчектерди колдоого саясий эрк да керек дейт “Ачык коом” фондунун билим берүү программасынын Будапешттеги адиси Олена Сидоренко:

– Инклюзияны киргизүү үчүн жалпы билим берүү системасындагы кандайдыр бир элементтерди эле өзгөртүп коюу жетишсиз. Мыйзамдык деңгээлде өзгөрүү болуп, бийлик бутактарынын ортосунда тыгыз кызматташтык түзүлүүсү зарыл. Саламаттык сактоо, социалдык коргоо сыяктуу кызматтар да бул ишке тартылса пайдалуу. Мунун баары албетте каржылык саясаттын да өзгөрүүсүн шарттайт. Башкача айтканда, бардык тармактар толук кандуу иштеши керек. Анан коомдук көз караш да өзгөрсө жакшы. Себеби, бул аймакта инклюзивдик билим берүүгө туура эмес коомдук түшүнүк да тоскоолдуктардын башында турат.

Өзгөчө балдардын акыбалына туура баа берип, алардын жеке өзүнө багытталган окуу, өнүгүү программасын түзүү, үй-бүлөсүнө жана аны окуткан педагогго көрсөтмөлөрдү берүү сыяктуу иштердин бардыгы мурда аткарылбай, Советтер Союзунун системасы боюнча майып балдар атайын мектептерде окутулуп келген.

Адис Лилит Назарян өзгөчө балдарды аныктоочу медициналык педагогикалык комиссиялар Арменияда толугу менен социалдык комиссия болуп өзгөргөнүн жана кайсы критерий баланы инклюзивдик билимге кошорун айтып берди:

– Былтыр БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу боюнча комиссиясы инклюзивдик билим берүү боюнча 24-мыйзамга карата нускамасын жарыялады. Анда инклюзивдик билим берүү жеке эле майыптыгы аныкталган балдар үчүн эмес, билим алууда кандайдыр бир оор кырдаалга чалдыккан бардык балдар үчүн каралуусу зарыл деп айтылат. Ушундан улам биздин өлкөдө Сириядан келген качкындардын балдарын, абдан жакыр үй-бүлөдөгү билим ала албай жаткан жеткинчектерди орто мектептерге тартуу иши жүрүп жатат.

“Азаттыктын” архиви: Өзгөчө балдар…өзгөчө дүйнө. 9-апрель, 2015-жыл

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка толо элек балдардын саны 27 миңдин тегерегинде. Алардын 4 миңдейи жалпы билим берүүчү мектептерде окуса, бир жарым миңден көбү атайын көмөк мектептерде тарбияланат. Калганы үйүндө билим алат же таптакыр мектепке барбайт. Инклюзивдик билим берүү боюнча мыйзам азырынча кабыл алына элек.
11-июль, 2017
https://www.azattyk.org/a/foreign_experts_train_local_professional_on_inclusive_education/28603373.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*