«Аталыктан баш тартты»

Ноокат райондук соттук аткаруучулардын маалыматына таянсак, ушул тапта район боюнча жалпысынан 1240тан ашуун аял алимент алат. Муну менен катарда акыркы жылдары жаштар арасында ажырашуулар көп болуп, кризиске байланыштуу өз убагында алимент төлөй албаган аталардын саны да арбып баратат.

Канышай (айрым себептерден көрө аты өзгөртүлдү) – ошондой алимент алчу энелердин бири. Ал ала качуунун курмандыгы болгон. Турмуш кургандан үч айдан кийин күйөөсү менен тил табыша албай, таарыныша кеткен. Тун уулу төрөлгөнөн кийин эки тараптын кийлигишүүсү аркылуу күйөөсү менен кайрадан жарашкан. Бирок, «уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы» дегендей, кайын журтуна баргандан кийин кайрадан басмырлоого дуушар болгонуна чыдабай төркүнүнө баса берген. Ал арада экинчи балалуу болгон. Канышай жашоо шартына байланыштуу күйөөсүн алимент төлөтүү максатында Ноокат райондук сотуна кайрылат. Сот анын арызын канаатандырып, бир баласына алимент төлөө чечимин чыгарат.

– /йлөнгөнүбүздөн кийин күйөөмдүн мүнөзү аябай өзгөрүп кетти. Тез-тез кол көтөрчү болду. Кайненемдин ачуу сөздөрүнө чыдасам да, жолдошумдун басмырлаганына чыдабадым. Бир балалуу болгондон кийин күйөөм кечирим сурагандыктан, кайра жарашкам. Бирок баарибир болбоду. Ажыраштык. Сотко кайрылсам, биринчи балама алимент төлөө чечимин чыгарды. Экинчисине атасы аталыгын бербей койду. Эми эмне кылаарымды билбей жүрөм. Анткени экинчи уулум оорукчан болуп туулду. Ага тез-тез дары дармек, витаминдерди сатып аламын. Ушундай зарыл нерселерге кээде акча таппай кыйналып каламын,- дейт.

Бул жалгыз бой эненин абалын түшүнүп, «өз баласынан баш тарткан аталардан тыйын-тыпыр, тагыраагы, алимент өндүрүүгө болобу же болбойбу, мунун мыйзамдуу жагы кандай болот» дегендей суроолорго жооп алуу үчүн Ош шаарындагы «Ар бир балага үй-бүлө» коомдук фондусунун жетекчиси Эшматова Зейнепке кайрылдык. Ал: «Ооба кээ бир аталар, алимент төлөбөөнүн айынан да ушундай кадамдарга барыш мүмкүн. Айрыкча сонку мезгилдери мындай тагдырлар өтө көп учуроодо. Айрыкча жаштар арасында. Эгерде мындай турмуштук абалга кабылган аялдар болсо, албетте, сотко кайрылуусу керек. Сот тийиштүү жараяндардын негизинде баланын ДНКсын текшертүү аркылуу аталыкты аныктайт. Андан кийин алимент төлөтүү жагын карайт»,-деген пикирин билдирди.

Жогорудагы окуядан улам көпчүлүк жаштарыбыз үй-бүлө күтөөрдөн мурда укуктук жактан жардам алууга муктаждыктары бар экендиги байкалууда. Ушундан улам бул маселени жаш жубайларга нике күбөлүгүн тапшыруу тапшырмасы тагылган ЖААКтын кызматкелери өз колдоруна алышып, жаш үй-бүлөлөргө аял-эркектин укугу жана милдеттери туурасында маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө жакшы болот деген пикирдебиз.

Бул макала Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы, 03.12.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*