Жайыл районундагы мектептерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 64 бала билим алат. Бул тууралуу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Айнура Адамкулова билдирди.
Анын айтымында, Кара-Балта шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакча бар.
«Бала бакчанын базасында өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн “Алтын короз” борбору иштейт. Бүгүнкү күндө ал жакта 17 бала каралат. Бала бакча көптөгөн ата-энелердин муктаждыгын чечти. Каржылоо мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт», – деди ал.
Turmush
17.12.2016
http://www.turmush.kg/news:316656/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Оставить комментарий