Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын корголушу жана коомдук жайларда аларга түзүлгөн шарттардын абалы боюнча жергиликтүү бийлик текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова билдирди.
Анын айтымында, «Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери» жөнүндөгү мыйзамды Жалал-Абад шаарынын аймагында толук кандуу турмушка ашыруу максатында шаардагы мекеме-ишканаларда 15-декабрдан тарта менчигинин түрүнө карабастан түзүлгөн шарттар менен таанышуу иши жүрүп жатат.
«Рейдде негизги маселе катары имараттардын кире беришиндеги пандустардын бар-жоктугу, эгер болсо алардын талапка ылайыктуулугу атайын адистердин катышуусунда каралууда. Анын негизинде биз мекеме-ишканалардын жетекчилигине бул маселелер боюнча тийиштүү эскертүүлөрдү беребиз», – дейт ал.
Шаардык экотехинспекциянын улук лейтенанты Азиз Алиевдин айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мекеме-ишканаларда толук шарттар каралган эмес. Бул маселелер боюнча буга чейин эскертүүлөр берилген.
«Көбүнчө эскилиги жеткен имараттарда пандустардын жоктугу, эгер болсо стандартка жооп бербестиги байкалат. Мамэхотехинспекция тарабынан жаңыдан салынып жаткан социалдык имараттарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн зарыл, ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча алдын ала эскертүүлөрдү берип жатабыз», – дейт ал.
Turmush
16.12.2016
http://www.turmush.kg/news:316651/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Оставить комментарий