Гүлипа: “Эжем экөөбүз майып болбосок, сасыган суу ичип кор болбойт элек”

Бирөөлөргө бакыт ээрчишип келсе, бирөөлөрдөн жармашкан мээнет кетпей, кайгыга салат экен. 41 жаштагы Гүлипа Маматова 46 жаштагы бир тууган эжеси Калима Маматова менен бирге майыптыктын азабын тартып 20 жылдан бери таалайсыз тагдырдын каарманы болуп келишет. Алардын аянычтуу тагдыры бирөөлөргө сабак болсо, бирөөлөрдүн жакшылык кылык сооп табуусуна себеп болот деген ниеттебиз.

 

“Төрт бир туугандан үчөөбүз майыппыз”

– Бизге бул илдет ата-бабабыздан өтүп тукум кууп келатыптыр. Анткени атам Нышан Маматов да бала чагынан эле майып болуп, бул илдет менен жабыркап баса алчу эмес. 1995-жылы 70 жаш курагында каза болгон. Апам Кайрыл Маматова өткөн жылы 83 жашында каза болуп калды, ал ооручу эмес. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Үч кыз, бир уул. Бир туугандарымдын ичинен агамдын гана ден соолугу таза, үчөөбүз майыппыз. Агам – төрт баланын атасы. Ал эми Алайда жашаган улуу эжем Токтокан болсо биз сыяктуу жаш кезинен ооруган жок. Беш бала төрөп, аларды эрезеге жеткирип, сыйын көрөр мезгилинде оорулуу болуп калды. Үч жылдан бери буту баспай төшөктө жатат. Учурда 51 жашта. Баса да, тура да албагандыктан такма жалаяк менен бир орунда жатат. Бешенесине Кудай беш баланы берген экен, ошол балдары карап жатышат. Баарыбызга доктурлар «тубаса өнөкөт остеомиелит» деген аныктама коюшкан. Башкача айтканда, сөөктүн сезгенүүсү дегенди билдирет.

 

«Экинчи эжем экөөбүз бала күндөн бутубуздан жабыркап келебиз»

– Экинчи эжем экөөбүз болсо майыптыктын айынан турмушта көп нерседен артта калдык. Биздин курбуларыбыз үй-жайлуу болушуп, балдарын үйлөп, кыздарын турмушка узатып, небере көрүп жатышат. 41 жашка чыктым. Эжем Калима Маматова болсо 46 жашта. Эжем да, мен да экинчи топтогу майыппыз. Өзүбүз Алай районунун Гүлчө айылында төрөлүп, балалыгыбыз ошол аймакта өткөн. Эжем экөөбүз тең Гүлчөдөгү Макаренко орто мектебин балдаксыз эле, башка балдардай басып жүрүп эле бүтүргөнбүз. Бирок ошол кезде эле буттарыбыз аз-аздан ооручу. Ушул дарттан улам бала кезибизде эжем экөөбүздун тең буттарыбызга борбор калаадагы балдар ооруканасынын ортопедия бөлүмүндө 2-3 жолудан операция жасалган. Кийин Ош шаарында да операция болгонбуз. Ага да болбой 17-18 жаштарыбызда эле балдактын жардамы менен басып калдык.

“Дарыгерлер “төрөттөн өлүп каласың” дегенине карабастан төрөп алдым”

– Гүлчөдөгү орто мектепти бүтүрүп, тигүүчүлүк боюнча курсту аяктагам. Андан кийин Ош технологиялык университетинин Алайдагы филиалына эсеп бөлүмүнө тапшырып, бирок 3-курска келгенде окуу акысын төлөй албагандыгым үчүн окуудан чыгып калгам. 25 жашымда Кара-Кулжанын 1-май айылына турмушка чыктым. Бирок жылдызыбыз келишпей 2 жылдан соң эки жолго түштүк. Балалуу деле болгон жокпуз. Турмуш куруп, үй-бүлөлүү болуп жашоо ар бир адамдын кыялы эмеспи, экинчи ирет Кара-Кулжанын Ылай-Талаа айылына келин болдум. Дарыгерлердин “сага төрөгөнгө болбойт. Төрөттөн өлүп калышың мүмкүн. Сенин илдетиң балаңа да өтөт” дегенине карабастан төрөп алдым. Балам 7 айлык төрөлдү. Калпакка салып көтөрүп жүрүп азап менен араң чоңойттум. Учурда уулум Элхан үч жарым жашта. Элдин уулу болсун, мага күйүмдүү бала болсун деп атын өзүм Элхан койгом. Элхан аябай назик, көп ооруйт. Мен карыганда ушул балам багат деген үмүтүм чоң. Уулумдун атасынын үй-бүлөсү бар. Баласына колдон келишинче каралашып турат.

“Биз үчүн короодогу дааратканага барып келүү бир азап»

– 20 жылдан бери Калима эжем экөөбүз батирден-батирге көчүп азап күндөрдү башыбыздан өткөрүп келебиз. Бир жарым жылдан бери калаанын Нурматов көчөсүндө жайгашкан Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык үйдө жашап келе жатабыз. Электр энергиясына гана акча төлөйбүз. Бир кабаттуу барак тибиндеги үйдө суу түтүктөрү иштебегендиктен сууну бир чакырымдай алыс аралыктан ташып ичүүгө туура келет. Калима эжемдин бир кызы бар. Күйөөсү каза болуп калган. Кызы Сабина 12 жашка чыкты. Калаадагы Терешкова атындагы балдардын жатак мектебинде окуйт. Ал жуманын беш күнү окуусунда болгондуктан ишемби, жекшемби күндөрү үйдө болгон кезинде бизге суу ташып берет. Ал суу сасып кетсе да келерки ишемби, жекшемби күнгө чейин жеткирип ичүүгө аргасызбыз. Суу такыр түгөнүп калган кезде кошуналар ташып беришет. Эжем да, мен да балдак менен баскандыктан суу ташымак турсун, короодогу дааратканага барып келүү биз үчүн тозок. Эжем экөөбүздүн илдетибиз окшош болгондуктанбы, экөөбүздүн тең ичибиз өтө берет. Кийимдерди да отурган жерибизде араң жууйбуз. Эмне жумуш болбосун, жамбашың менен жылып отуруп жасаганга туура келет. Эгерде алты саныбыз аман болсо, ушинтип сасыган суу ичип кор болбойт элек. Ден соолугубуз болсо эл катары иштеп, үй-жайлуу болуп, жолдош күтүп жашоо тартуулаган жыргалчылыктарды көрбөйт белек.

 

“Ойлоно берип кан басымым көп көтөрүлчү болду”

– Мен 4500 сом пенсия, эжем 2500 сом жөлөк пул алат. Эжемдин аз акча алганынын себеби анын иш тажрыйбасы жоктугуна байланыштуу экен. Биздин өлкөнүн мыйзамдарына аргасыз күлөсүң. Өзү майып адам болсо, ал кайсы жумушка жарамак эле. Уулума жөлөк пул алайын деп документтерди тапшырууга Социалдык коргоо башкармалыгына барсам, “пенсияңыз жетиштүү” деп узатып коюшту. Мен майыптыгым үчүн алган 4500 сом менен байып кетип, уулума жөлөк пул алганга болбойт экен. Үйдө отуруп болсо да эптеп нанга акча табалы деп кээде эжем экөөбүз тааныштарга төшөк тигип беребиз. Кызматыбызга “мынча акча бер” деп деле сурабайбыз. Мүмкүнчүлүгүнө жараша берип кетишет. Ал эми бизде кийим сатып алмай деген жок. Пенсиябыз азык-түлүккө араң жетет. Тааныштар эски кийимдерин берип турушат. Ошолорду жамап, тигип кийип келатабыз. Дарыларыбыз болсо кымбат. Керээли-кечке үйдө отургандыктанбы же катуу ойлоно бергенгеби, кан басымым көп көтөрүлчү болду. Айтор, айта берсем арманым бүтчүдөй эмес. 2011-жылы Ош шаардык мэриясына турак жай маселесине жардам берүүсүн өтүнүп тиешелүү документтерди тапшырганбыз. Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов: “Майыптар үчүн үй салынса эле биринчи кезекте силерге берилет”, – деген жоопту айтууда. Суусу, дааратканасы ичинде болгон батир алып каларбыз деген үмүтүбүз чоң.

Зульфия Тургунова

http://lady.kg/node/3414

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*