Айыл турмушу: Сүлүктүлүк чебер Ж.Бердиева майып экенине карабай үй-бүлө күтүп, эне болгусу келет (фото)

Сүлүктү шаарынын 34 жаштагы тургуну Жылдызай Бердиева 1-топтогу майып экенине карабай кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

IMG-20161110-WA0157

Анын айтымында, 2 жашында унаа сүзүп кетип, майып болуп калган.

«Орто билимди үйдөн алдым. Мамлекет тарабынан ай сайын жөлөк пул жана өкмөттөн жардам катары ар жылы кышында 10 мүшөктөн көмүр берилип турат. Жылына бир жолу борборго барып дарыланып турам. Каражатым жетишпей бара албай калган учурлар да болот. Негизи жылына 2 жолу дарыланышым керек. Чет өлкөгө барып дарылансам деген кыялым бар. Азыр балдакчан басканым менен алыс жерлерге араба менен жүрөм», – деди ал.


Ал буга катар эле турмушка чыгып, үй-бүлө күткүсү келгенин кошумчалады.

«Турмушка чыга элекмин. Жактырган жигиттерим бар болгону менен алардын ата-энелери каршы болот. Майыптыгымдан же өздөрү жоопкерчиликтен коркушат. Майып болсок деле алты мүчөсү соо айрым инсандардан күчтүү келебиз деп ойлойм. Аны билгендер баалашат. Өзүмдөй майып, жан дүйнөсү таза досторум көп. Алардын ичинде чебер, уста, ырчы жана башкалары бар. 2013-жылы Бишкекте майыптар үчүн ачылган “Таза дил” кол өнөрчүлүк курсунда окуп сертификат алгам. Анча-мынча ыр жазып калам», – деди ал.

Жылдызай буга катар эле кийимдердин түрлөрүн токуйт.

«Көбүнчө жаш балдардын кийимдерин токуйм. Өзүм эне деген ыйык наамга жетише элек болсом да ар бирин өз балама токугандай рахат менен токуйм. Аллах ниетимди берип, өз балдарыма да кийим токуй турган күн келээр. Ал кийимдерди башкаларга салыштырмалуу арзан сатам. Мага шаардан жип алдыруу көйгөй болот. Бул өнөрдү кичинемде апамдан үйрөнүп, өздөштүрүп, өзүмө нан тапкан жумуш кылып алдым.


Атам 1998-жылы каза болгон. Азыр апам экөөбүз жашайбыз. 4 бир тууганбыз, бары үй-жайлуу. Менин ден соолугума байланыштуу көп кабаттуу үйдө жашоого туура келет. 2-кабаттан түшүп-чыгуу бир аз кыйын. Бишкекте жашасам жакшы болмок деп ойлом. Ал жакта жашап калсам базарга барып, керектүү жиптеримди өзүм алмакмын. Эки жакка чыгуу да жеңил болмок. Мисалы айылда 6 ай бою үйдөн чыкпаган күндөрүм болот.

Буюртмаларды сайттардан алам. Айылда да уккан-билгендер буюртма беришет. Энем да ишканаларга алып барып көрсөтүп, сатып келип берет. Жиптерди алдыртуу менен сатуу кыйынга турганы менен токуган оңой эле. Интернеттен карап үйрөнүп, өзүмдүн идеяларымды да кошуп турам. Ушул өнөр менен алектенип, майып экеним унутулат. Ар бир ишимден рахат алам», – деди Жылдызай.

Ага айрымдар басып кетесиң деп үмүт берише тургандыгын белгиледи.

«Мүмкүн чет өлкөдө дарылансам басып кетермин деген ойлор жаралат. Бирөөлөр турмушка чыксаң, төрөсөң басасың дешет. Бирөөлөр жок андай эмес дейт. Баспасам да турмушка чыксам, наристе жытын жыттасам, эне деген ыйык наамды алсам дейм. Үй иштерине жакшы эле жарайм. Нан бышырып, тамак жасап, кир жууп, үй жыйнайм», – деди ал.

Чебер мындан тышкары энесинин ал үчүн тарткан азаптарына токтолду.

«Мени энем 3 жолу төрөгөндөй болду. Алгач бала катары төрөдү. Кийин унаа сүзүп кетип, белимден ылдый кыймылдабай калдым. 2007-жылы операциядан соң 6 ай тура албай жатып, кийин балдак менен баса баштагам. Ошентип энем байкуш мени 3 жолу төрөп, бастырды.

Жакшы сапаттарды бүт апамдан үйрөндүм. Эрктүүлүк, кайраттуулукту да энемден үйрөнгөм. Бактыма энем аман болсун, менин балдарымды, бактымды көргөн күндөр буйрусун. Ошол күн гана энемдин мен деп тарткан азаптарына дары болот деп ойлойм. Ушул күндөр үчүн энеме чоң ыраазычылык айтам», – деди чебер.

Turmush

10.11.2016

http://www.turmush.kg/news:314533/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*