Эки улуттуу жарандын балдары кантип паспорт алса болот?

pasporttor

Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылынын тургуну Т.Халилов редакциябызга арыз менен кайрылган. Арызда Т.Халилов 16 жаштагы небереси Мусабай Махмудовго паспорт алууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы тууралуу жазылган. Небереси М.Махмудовдун атасы тажик жараны, ал эми апасы Халилова Жылдызкан кыргыз жараны, мындан бир топ жыл мурда эки улуттуу жарандар баш кошушкан. Убакыттын өтүшү менен атасы менен апасы эки айрым жолго түшүшкөн соң, Мусабай 2 жашында тайатасы Т.Халиловдун колунда калат. Бүгүнкү күндө Мусабай 16 жашка толуп, паспорт алуу укугунан ээ боло албай жатыптыр.

Т.Халиловдун айтымында паспорт столго кайрылып, ал жактан айтылган керектелүүчү документтерди алып барган. Бирок, эмнегедир маселе оң жагына чечилбей жатат. Бул маселе чечиле турган маселеби? же тийиштүү адистер чечүүнү каалабай жатышабы, бул тууралуу кененирээк билүү максатында Калкты тейлөө борборунун Паспорт жана виза бөлүмүнүн башчысы Болотбек Калыковго кайрылдык. Анда, ал бул маселе тууралуу маалымат берүүдөн баш тартып орой мамиле жасап, «менин убактымды алба» дегенге чейин барды. Гезит кызматкерин ушул деңгээлде кабыл алып жатса, анда жөнөкөй калкты кандай мамиледе кабыл алышат деген суроо да келбей койгон жок. Макул биз мыйзамдуу жолун издейбиз деп баса бергенбиз, бир аз убакыттан соң редакциябызга чалып маалымат берери тууралуу билдирип, адиси Баходир Токтобаевге керектүү маалыматтарды берүү жагын тапшырды.

Анда Б.Токтобаев төмөнкүлөргө токтолду: “КРнын жарандыгын алуу үчүн бизге арыз менен кайрылат, арыз президенттик комиссияга жөнөтүлөт. Комиссиянын чечиминин негизинде КРнын президентинин Указы чыгарылат. Эгер паспорту жок болсо миграциядан кайрылман күбөлүгүн алат. Андан кийин керектелүүчү документтердин негизинде ID паспортун ала алышат. Паспорт алуу үчүн керектелүүчү документтер жарандарга түшүнүктүү болсун үчүн баары так жазылып көрсөтүлгөн.

IDпаспорткокеректүү документтер жана төлөмдөр:
1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксеро көчүрмөсү).
2. Ата-энесинин паспорттору (түп нускасы жана ксеро көчүрмөсү).
3. Аскердик билет (1-26-беттердин көчүрмөсү) же аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк (1-2-беттердин көчүрмөсү) жана түп нускасы.
4. Жашаган жеринен маалым кат.
5. №1-форма карточкасы (бул жергиликтүү паспорттук столдон берилет).
6. Сүрөт 4 даана (4Х6 көлөмүндө, түстүү, ачык фондо, баш кийимсиз жана көз айнексиз).
7. Социалдык коргоо күбөлүгү.
8. Салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк (паспортту жасоого 1,18 евро (72 сом), арыз бланкына 0,43 евро (26 сом) жана мамлекеттик төлөм 30 сом. Бул төлөмдөр банкка же паспорттук столдун ичиндеги кассага төлөнөт).

Анда М.Махмудовдун эмне себептен паспорт ала албай жатат?

«Ооба бул жарандын тайатасы бизге кайрылган андан кийин биз бул баланын өздүгүн тактоо максатында Тажик Республикасынын паспорт столуна “допрос” жөнөткөнбүз. Ал жактан ID паспортун албагандыгы тууралуу жооп келди. “Атасына кайрылганбыз атасы өз макулдугун берген. Бирок бизге алып келген керектүү документтердин түп нускасы жок. Керектүү документтерди толуктаңыз деп жөнөтсөк, биринчи алып келген документте 4-май 1998-жыл туулган. Экинчи жолкусунда туулгандыгы тууралуу документтин туулган күнү 15-май айы менен болуп өзгөрүп келген. Андан кийин биз Тажик Республикасынын паспорт столуна кайрадан “допрос” жөнөткөнбүз. Ал катыбыздын жообун алыптыр, бирок бизге кайра алып келген эмес.

– Учурда М.Махмудовдун ID паспортун алууга сиздер айткан документтер баары бар экен, демек паспорт алса болот да?

– Ооба. Азыр документтери толук кайрадан такталып бүттү. Келип кайрадан арызын жазып, арыздын негизинде ID паспортун ала алат.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Айпери Сапарбаева, Кызыл туу, 18.01.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*