Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин транспортто жүрүү шарттары кандай?

Жол азабы кыйын деп илгертен айтылып келет. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген инсандар үчүн жолдо жүрүү эки эсеге оор эмеспи. Андыктан алар үчүн бардык эле мамлекеттерде транспорттордо жүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп  келишүүдө. Алсак, жер үстүндөгү жолдордо жүрүүчү, суу үстүндө сүзүүчү, аба жолдорунда жүрүүчү транспорттордо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлүп жана жакшыртылып, өркүндөтүлүп турат. Бул багытта атайын мыйзамдар да иштейт.

Биз экинчи борбор калаа – Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн транспортто жүрүүдө кандай шарттар бар экендигине  кызыгып, иликтөө жүргүздүк. Негизи  шаарда жүргүнчүлөрдү бардык багыттар боюнча көбүнесе микроавтобустар ташыйт. Мындан тышкары шаардагы каттамдарда муниципалдык троллейбустар, автобустар бар жана алар көбүнесе борбордук көчөлөрдө катташат.

Биз микроавтобустун айдоочулары менен баарлашканда алардын дээрлик баары эле мүмкүнчүлүгү чектелгендер көп деле алар башкарган транспортторго чыга беришпегендигин айтышты. Ал эми айрым учурларда чыгып калышкан болсо, сөзсүз түрдө жүргүнчүлөр дароо орун бошотуп беришип, чыгышына да, түшүшүнө дар жардам берип турушаарын маалымдашты. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин транспорт үчүн акы төлөөлөрү боюнча сурасак, айрым айдоочулар акысыз тейлейбиз дешсе, айрымдары кээде акы алабыз, кээде албайбыз деп айтышты, айрым айдоочулар жүргүнчүлөрдүн баарынан-мүмкүнчүлүгү чектелгенби, чектелбегенби акы алышаарын билдиришти.

Өзүн Толкунбек Мадумаровмун деп тааныштырган №143-каттамдагы микроавтобустун айдоочусу: “Бизди майып же башка болгондук кызыктырбайт, транспортко чыккандардын баарынан бирдей акы алынат. Окуучулардан гана шаар мэриясынын токтомуна ылайык, 1 сомдон акы алынат.”-деген жоопту узатты.

Биз Ош шаардык чарба жана транспорт башкармалыгын башчысы У.Романовдон мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Ош шаарында кандай шарттар бар деген суроо менен кайрылганда мына буларга токтолду:

– Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн муниципалдык транспорттордо гана жеңилдиктер бар. Майыптыгына жараша өлкөбүздөгү мыйзамдарга ылайык  троллейбустарда, автобустарда акысыз жүрө алышат. Ал эми микроавтобустардын баары жеке менчикте болгондуктан, кандай экендигине карабастан жарандардан тейлөө үчүн акы алышат. Бирок, микроавтобустардын айдоочуларына мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көңүл буруп, керектүү шарттарды сактоолору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Белгилүү болгондой, “Кыргыз Республикасында майыптарды социалдык коргоо жөнүндө”  мыйзамы бар. Ага ылайык, шаарыбызда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берилип, ар тараптуу коргоого алуу колго алынууда.

Экинчи борбордо жер үстүндөгү транспорттон тышкары аба транспорту аркылуу жүргүнчүлөр ташылат. Биз “Манас” ачык АК  Эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын башчысы Т.Ысаковдон жогорку эле багыттагы суроого төмөнкүдөй жооп алдык:

– Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин аба транспорту менен биздин филиал аркылуу учуп келүүсүнө жана учуп кетүүсүнө бардык шарттардын (каттоо, чек ара жана бажы көзөмөлү, багажды жүктөө жана түшүрүү, санитардык-гигиеналык бөлмөлөрүндөгү шарттар, тамактануу жайлары ж.б.) болуусуна кызыкдарбыз жана ал шарттардын улам өркүндөтүлүшүнө умтулабыз. Башка эл аралык аэропорттордогу шарттардын деңгээлине жетүү максатыбыз бар. Эгерде, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коштоп жүрүүчү адам болбосо жана ал өз автомашинасы менен келсе, машина токтоочу жай акысыз болот. Мындан тышкары тиешелүү кызматкерлердин жардамы менен аэропортко кирип, самолетке отургузууга чейинки  бардык жардамдар көрсөтүлөт. Бирок,  мүмкүнчүлүгү чектелгендер уча тургандыгы боюнча алдын ала бизге билдирип коюулары керек.

Албетте, экинчи борбор эле эмес, борбор шаарыбызда да мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн транспортто жүрүүдө, башка социалдык коргоолордо чет өлкөдөгүдөй шарттар жок. Чет өлкөлөрдө  коомдук транспорттордо мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыңгайлуулуктар бар. Биз мындай транспортторду камсыздоону али ойлоно элекпиз. Мунун өз себептери: бар-чет өлкөдөгүдөй деңгээлдеги өнүгүүгө азыр мамлекетибиз жете элек. Анткени менен “Чындап ыйласа көздөн жаш чыгат” демекчи, социалдык коргоону күчөтүүнүн үстүнөн иштөөнү колго алуу керек.

Эгемендүүлүккө жетишкенибизге быйыл, буюрса, 25 жыл толуп олтурат. Улам өнүгүү менен бара-бара социалдык коргоолор жакшырып, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттар жакшырат деген үмүттө калалы.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

К.Кыдыралиева, Ош жаңырыгы, 16.01.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*