Баланын жарандыгын соттор гана аныктайт

Султанмуратов Мухаммед Нурмаматович он жашта. 2005-жылы Казакстандын Чилик районунда төрөлгөн. Апасы атасы менен таарыныша кеткенден бери атасынын колунда. Учурда Ноокат районуна караштуу Беш-Коргон мектебинде окуйт. Мухаммеддин аты, фамилиясы, атасынын аты болгону менен мунун баары оозеки. Чындыгында бул баланын чын төгүнүн тастыктаган бир да кагаз жок. Ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуудагы машакаттары туурасында атасы Нурмамат төмөнкүлөргө токтолду:

– Казакстанга иштегени барып, ошол жерден Мухаммеддин апасы менен баш кошком. Экинчи турмушум болчу. Кийин отубуз күйүшпөгөндүктөн, ал кетип калды. А мен баламды алып баса бердим.

Туулгандыгы туурасындагы аныктаманы болсо жоготуп алганбыз. Ошондон бери балама документ кылуу менен убарамын. Сураштырып, тийиштүү тараптардан эмне керек болсо, баарын алдым. Ал кагаздарды даярдоо өтө кыйынга турду. Айрыкча Казакстанда биз менен кошуна болгондордон тил кат алууга эле .эки жыл убакыт кетти. Баарын бүтүргөн соң, мага документ иштерин бүтүрүшүүгө көмөктөшкөндөр соттон чечим чыгартып берүү үчүн беш миң сом сурады. Ал кшинин атын атагым келбейт. Ошондо акча жок болчу. Анан «акчалуу болгондо келем» деп документтерди ал кишиге таштагам. Ошондон бери акча топтой албай жатам, күнүмкүсү-күнүм тиричиликке иштеп кетүүдө»,-дейт.

Чындыгында Мухаммедге окшогон аты бар, бирок документи жок жаш өспүрүмдөр Ноокат районунда жүздөп саналат. Бул туурасында райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адисиТажикан Тагева: «Районубузда туулгандыгы тууралу күбөлүктөрү жок, бирок мектептерде окуп жаткан окуучулардын саны 182 болчу. Быйылкы жылы алардын 13ү туулгандыгы туурасында күбөлүк алышты. Бул маселеге байланыштуу райондук билим берүү бөлүмүн кызматкерлери ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз»,- деген пикирин билдирди.

Мындай кырдаалдарда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кантип алуу керек деген соболго жооп алуу максатында Ноокат райондук ЖААЖ бөлүмүн жетекчиси Адибаева Айнура Асановнага кайрылдык:

– Бул бүгүнкү күндүн эң көйгөлүү маселелеринен болуп саналат. Бизге ушундай тагдырларга кабылган ата-энелер көп кайрылышат. Биз алардын балдарына жарандык жагын сот гана чече ала тургандыгын, алар үчүн кандай документтерди топтой тургандыгын айтабыз. Айрым ата-энелер соттон чечим чыгартып келишет. Кээ бирөөлөрү документтерин бүтүрүүдөгү машакаттардан улам, ишти создуктуруп жүрө беришет. Эң башкысы ар бир жаран документ иштерине тың болуулары керек.

Өзүнүңүздөр баамдагандай миграциянын агымынанбы, айтор, бул маселе күн сайын күчөөдө. Эгерде туулгандыгы тууралу күбөлгү жок балдардын социалдык абалына кайрылсак. Алардын дээрлик көпчүлүгү Россияда же Казаксатанда, дагы башка жактарда иштеп жүрүп, ажырашып кеткен, кээ бирлери көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, үчүнчүлөрү документ иштерине кайдыгер карап, турмуш курганына он жыл болсо да, жарандык никеде жашап жүргөн жарандардын балдары болуп эсептелет

Андыктан бүгүн мигранттардын жана жарандык никеде жүргөн ата-энелердин балдарынын туулгандыг тууралуу күбөлүк берүү жагына мамлекет өзгөчө көнүл буру керек. Ал үчүн жер-жерлерде документи жок балдардын жарандыгын аныктоо, аларга документ берүү жумуштары менен шугулданган мекеме-уюмдардын уюштуруу зарыл болуп турат чамасы.

Бул макалалар Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктүү кеңейтүү жана Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы, 15.01.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*