Жеке айыптоо боюнча соттко кайрылуу керек

Редакциябызга Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринде жашаган Үмүтай деген ( аты өзгөртүлдү) келин келиптир. Бизге баш баккан максатына токтолгон ал, башынан өткөндөрдү айтып жатып өзүн кармана албай, көз жашын кошо көлдөтүп жатты.

-Турмушка чыкканыман бир айдан кийин кайненемдер күйөөмдү иштеп келет деп Россияга жиберишти. Андан бери эки жыл өттү. Ушул күнгө чейин нике күбөлүгүн ала элекпиз. Балалуу болдум. Бирок күйөөм келбеди. Анда-санда телефон аркылуу сүйлөшүп турганбыз. Анда да мени жакшы жүр деп жемелей берчү эле.. Анын мындай сөздөрүнө не себеп деп көп ойлончуумун. Кийин коңгуроо да кылбай калды. Кайненемдерге акча салат, ошолор менен сүйлөшөт. Керели кечке кызмат кылмай, тыным жок. Ошондой күндөрдүн биринде күйөөмдүн башка аял алып алгандыгын, андан балалуу болгондугун уктум. Бирок, ушак го деп маани берген эмесмин. Мен ага ишенгем. Мындан бир ай мурда кайненем менен кайнатам, жылан чакпай, жылкы теппей эле өздөрүнчө мага кошуна менен көңүлдөш болгонсуң деп курулай жерден жалаа жаап үйдөн айдап чыгышты. Мен өзүмдүн да, жараткандын да алдында акмын. Бирок бул сөзүмө эч ким ишенбей жатат. Күйбөгөн жерим күл болууда. Мына ушул кеп таркаганына бир ай болду. Ошондон бери жегеним желим, ичкеним ириң болуп жатат. Жашоонун таптакыр кызыгы кетти. Өзүмдү -өзүм өлтүрүүгө күндө-күн алыс аракет кылам. Бирок чулдуруктап эми тили чыгып келе жаткан кызымды аяйм. Айылыбызда мага окшоп күйөөсүн Россияга жиберип, кайнене-кайнаталардын кызматын кылган келиндер толтура. Анча-мынчасы менен сүйлөшүп турчумун. Алар да күйөөлөрүн сагынгандарын, кайын журту тарабынан басмырлангандарын айтышып, бири-бирибиздин дарттарыбызды бөлүшүп турчу элек. Бирок, жанагы жалган жалаа тарагандан бери ал курбуларым да менден кол үзүшкөн. Мен ушу тапта жалгыздыктан жадап кеттим. Өмүрүмдү кыйгым келет,-деп бышактады.

Биз Үмүтайды «баары өтүп кетет, сабыр кыл» таризинде сооротмо сөздөрдү айтып, жолго салдык. Дегенибиз менен чындап эле эл арасында миграциянын шамалы дейбизби же жашоонун агымы дейбизби, иши кылса, Үмүтай сыяктуу зордук, зомбулукка, басмырлоого кабылган кыз-келиндерибиз күн сайын көбөйүп баратат. Аларга моралдык, укуктук, психологиялык жактан жардам берүү маселеси күн тартибинде күтүп турат. Бирок, азырынча бул нерсеге баш ооруткан тараптар дээрлик жокко эсе.

Маселеге байланыштуу он жылдан бери жарандарга укуктук жактан жардам көрсөтүп келе жаткан «ЮРКЕН» ЖЧКсынын директору, юрист, укук коргоочу Союзбек Амановго кайрылганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду.

– Мында, Үмүтай эң биринчи өз укугун коргоо үчүн жеке айыптоо боюнча сотко кайрылуу керек. Сотто анын күнөөсүз экендиги далилденсе,экинчи кадамга тагыраагы кайнене жана кайнатасы тарабынан ага жеткирилген моралдык зыянды өндүрүп берүү үчүн дагы сотко кайрылуу зарыл.Нике күбөлүгү жоктугуна байланыштуу күйөөсүнүн үй мүлкүнөн эч теке өндүрө албайт. Бирок, эгерде баласынын аталыгы таанылса, анда алимент алууга мыйзам жол берет. Бирок, ал үчүн да соттун чечими керек.Демек Үмүтайдын үчүнчү кадамы алимент алуу жагында ойлонушу абзел.

Өзүңүз баамдагандай Үмүтай сыяктуу көптөгөн жаш келиндер укуктук жактан маалыматтын жоктугунан ар кандай зордук-зомбулкка кабылып келет. Андыктан бүгүн айыл өкмөтөрүндөгү, райадминистрациялардагы, шаар мэрияларындагы иштеп жаткан юристер бир гана мекеме-ишканалардын ортосундагы кагаз иштери, келишимдер, сыяктуулар менен гана алектенбестен, өз аймактарындагы жарандардын укуктук жактан маалымат алууларына да жардам берүүлөрү зарыл. Алар мезгил-мезгили менен никеге туруу, аталыкты аныктоо, пенсия, жөлөк пул чегерүү, үй-мүлктөрүн бөлүштүрүү, туулгандыгуу тууралуу күбөлүктөрдү алуу сыяктуу иштерде жарандарга зарыл маалыматтарды берүү максатында окууларды,жыйындарды уюштуруп турса жакшы натыйжа бермек.

Бул макала Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы, 15.01.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*