Балдарыма эл катары жөлөк пул алсам дейм

Кадамжай шаарындагы «Оор шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борбору» үстүбүздөгү жылдын октябрынан тарта иштеп баштаган. Учурда жаныдан ачылган борборго кайрылгандардын саны арбын.Тагыраагы мындай борборго аймак эли муктаж болуп турган экен.

Айнагүл айым Өзбекстандан Кыргызстанга үй бүлөсү менен көчүп келип ар тараптуу жардамга муктаж болуп турат. Жашы быйыл 40да. Үч баласы бар, төртүнчүсүн дагы жакында көз жарганы турат. Өзү Кадамжай районунун Көк- Талаа айылында туулган. Коңшу Өзбекстандын Кара-Жантак айылына турмушка чыккан экен.

Күйөөм өзбек жараны, бирок улуту кыргыз. Алгач баш кошконубузда эмне үчүн нике күбөлүгүн ала албай калганбызды жакшы түшүнбөйм.Анда жаш элем. Кийин кыздуу болгонубузда нике күбөлүгүбүздүн жоктугунан кызым менин атыма эле жазылып калды. Анан кийинки балдарымды төрөгөнүмдө Кыргызстанга ата энемдин үйүнө келип төрөп, аларга атасынын атында күбөлүк алып жүрдүм. Кыргыз жараны экенсиң деп Өзбекстанда бизге жакшы мамиле кылышпайт, эч кандай мамлекеттен жардам, жөлөкпул деген төлөнбөйт. Ошондуктан балдарымды күйөөмдү да алып азыр Көк-Талаа айылында ата энемдин үйүндө турабыз. Ошондуктан күйөөмө кыргыз жарандыгын алсак дейбиз, балдарыма эл катары жөлөкпул алсам болобу деп бизге кайрылды. Көк -Тала айыл өкмөтүнө турак жай салуу үчүн жер сурап да кайрылдым эле азырынча кабар жок дейт .

Бул көйгөйлөрүн чечүү үчүн Айнагүл айым Кадамжай шаарындагы «Оор шарттагы жана зордук зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү» борборуна кайрылган.

Бул үй бүлөгө укуктук, юридикалык жардам берүүнүн өстүндө иштеп жатабыз. Балдарына жөлөк пул алуу үчүн да документтерин даярдап жатабыз. Азырынча борбордон материалдык жардам да көрсөттүк дейт аталган борбордун директору Кыял Жусупова.

Борбор ачылган күндөн тарта үзгүлтүксүз иштеп жатат. Эки ай аралыгында 15 адам ар кандай маселелери менен кайрылды.Алар көбүнчө укуктары тебеленген же болбосо укуктук жардам сураган ар кандай турмуштун оор кырдаалдарына кабылган жарандар, психологиялык, юридикалык,материалдык жардам сурап кайрылууда. Чоңдор эмес балдар өздөрү кайрылган учурлар да болду деп кошумчалады Кыял Жусупова.

Анткени биз район аймагындагы 20дан ашуун мектептерге барып, окуучулар менен жолугушуп, иштеп жатабыз. Биз барган учурда алгач мугалимдер да окуучулар да эч кандай зордук зомбулук жок деп жаап жашырса, кийинчерээк балдар өздөрү биздин ишеним телефондорго чалып, алар окуган мектепте рекетчилик болуп жатканын кабарлашты. Эртеси эле биз жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорун алып, мектепте мугалимдерди, ата энелерди чогултуп, балдарды ур токмокко алып, акча талап кылган жана алардан жабыр тарткан окуучуларды ортого алып түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Алар менен психологдорубуз иштеген соң, болгон чындыкты жашырбай айта башташты. Учурда бул мектепте мындай терс көрүнүштөр токтоду дейт борбор директору.

Биздин борборго кайрылгандарга анонимдүүлүккө кепилдик беребиз. Ар бир эле келген жаран арыз муңун ачык айта албайт. Биз алар менен сүйлөшкөн соң, алар бизге ишенип, анан көйгөйүн ачыкка чыгарышууда. Жакында эле бир аял кайрылып, жалгыз кызы бар экенин, ал апасынын тилин укпай, улам чоңойгон сайын андан кооптонуп жаткандыгын айтып аны кантип туура жолго салаарына башы катып келген. Анын кызы 9-класста билим алат экен. Калпты көп айткан, мектептен, үйдөн көп качкан, көчөдө көп жүргөн кыз экен. Ата энеси да ажырашып кеткен экен. Тилекке каршы биздин борборго кайрылып аны тарбиялай албай тургандыгын айтып, апасы да, атасы да андан баш тартышты. Биздин психологдорубуз ал кыз менен иштеди. Аны балдар үйүнө жайгаштырдык. Учурда анын жашоого болгон кызыгуусу пайда болду. Көз карашы өзгөрдү. Мектепке барып жатат. Окууга да кызыга баштады. Азыр да ал кыз биздин такай көзөмөлүбүздө. Биздин борбордун ачылганы анын жашоосун оң жакка өзгөрткөнгө жардам берди. Эгер биз болбогондо анын тагдыры эмне болмок кудай билет дейт Кыял Жусупова

Баткен облусунун аймагында жашаган бардык мүмкүнчүлүгү чектелүү, оор шарттагы жана зордук зомбулукка кабылган балдар жана алардын жакындары психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам алуу үчүн аталган борборго кайрылса болот. Бул үчүн 036 22,5-01-03 номерлүү ишеним телефондору иштейт.

Чолпон Бердикулова,Баткен таңы, 04.01.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*