Ажырашуунун азабын күнөөсүз балдар тартышууда

Баткен райондук сотунан алынган маалымат боюнча үстүбүздөгү жылдын 11 айында 129 үй бүлө сот аркылуу ажырашкан. Бирок алардын үчөө гана мүлк бөлүштүрүү үчүн сотко кайрылган.

Ажырашуудан аялдар жана балдар көп жабыркоодо. Өз укуктарын билбегендиктен аялдар турак жайдан, мүлктөн куру калышууда. Мулк болушуу учун аял кишилердин кайрылбагандыктарынын себептери көп. Нике куболугунун жоктугу башкы себеп болсо,кээ бир аялдар өз укуктарын билбегендигинен кимге кайрылаарын билишпейт. Ал эми кээ бир жаш балдары менен жумушсуз кыз келиндер адвокат жалдаганга да каражаты жок. Адвокаттар аз эле дегенде 5,6 миң сом алышат дейт Баткен райондук сотунун бөлүм башчысы Алмагул Эргешова.

Көбүнчө мүлктүн 50% аялга, 50% күйөөсүнө бөлүнөт. Ошондой эле балдары эске алынып, аялы менен балдарына мүлктүн 70% бөлүнгөн учурлар да бар. Тагыраак айтканда талашка түшкөн үйдү сот баалайт. 2 млн сомго бааланган үй болсо анын 1,5млн сому аялга, 500миң сому жолдошуна бөлүнөт. Мындай учурда алар бир бирине акчалай төлөсө да болот. Бирок көпчүлүгү төлөөгө шартым жок деп жолдошуна үйдүн төрттөн бир бөлүгү тийген болсо,ал ошол үйдүн бир бөлмөсүндө жашай берет. Мындай учурлар кээде үй бүлөлөрдүн кайра жарашып калуусуна да шарт түзүүдө. Мындай бир учур быйыл бизде катталды. Ортодо 4 баласы бар үй бүлө ажырашып, балдары атасына боору ооруп, кайра чогуу жашап калышты дейт Алмагул Эргешова.

Ажырашуудан соң турак жайдан кур калып жаткан аялдардын көбөйүшүнө алардын өз укуктарын толук билбегендиги себеп. Анткени ортодо алардын жубайлар экенин тастыктаган нике күбөлүгү болбосо ал аял 20 жыл жашап,10 бала төрөсө да турак жайды бөлүп ала албайт. Анткени ортодогу юридикалык документ нике күбөлүгү болбосо сотко кайрыла албайт.

Негизи мыйзамда жубайлардын укугу бирдей жазылган. Эгер ортодо нике күбөлүгү болсо, аял иштебей үйдө отурган чакта да, аялдын мүлктүн жарымына ээ болууга укугу бар. Ошол эле учурда жубайлар ортодо куруп, жашап турган үй, күйөөсүнүн ата энесинин жана бир туугандарынын атында болсо ,анда аял мүлктө акысы жок. Тилекке каршы мындай учурлар да болот. Бизге көз жашын көлдөтүп, балдары менен үй жайсыз калган бир келин күйөөсү экөө куруп бүткөн үй кайнисинин атында экенин билбей жүргөн экен. Ажырашкан соң турак жайдан кур калды.

Мыйзамга ылайык нике күбөлүгүн ажыратуу үчүн кайрылгандарга сот ойлонууга үч ай убакыт берет, бул убакыт аралыгында бир гана үй бүлө кайрадан жарашып,нике күбөлүгүн ажыратуудан баш тарткан. Ажырашкан үй бүлөлөрдүн дээрлик баарынын ортосунда балдары бар. Тилекке каршы ажырашкан үй бүлөлөрдүн 80% на миграция таасир эткен болсо,20 % ичимдиктин артынан ажырашкандар.

Чолпон Бердикулова, Баткен таңы, 04.01.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*