Жылдыз Мамбеталиева: Укуктук сабатсыздык коррупциянын гүлдөшүнө алып келет

jyldyz

“Укуктук сабатсыздык акырындап отуруп адамдардын өздөрүнүн мыйзамдык кызыкчылыктарын коргобоого алып келет жана коррупциянын өнүгүшүнө “жагымдуу” шарт түзөт, социалдык чыңалууну жогорулатат жана калкты маргиналдаштырат”,-деп билдирди бүгүн, 22-июлда Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева “2015-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкы үчүн укуктук маданиятты жогорулатуу старегиясынын” долбоорун тааныштыруу маалында.

“Көз карандысыздык алган күндөн бери Кыргызстан өзүн укуктук жана демократиялык мамлекет деп таанытып келди. Бул стратегияны иштеп чыгууда КРдин Юстиция министрлигинин 2010-жылы 18-октябрда бекитилген 2010-2013-жылдар үчүн укуктук үгүтөө концепциясынын ишке ашыруунун жыйынтыктары, аналитикалык документтер, эл аралык жана кыргыз элинин күнүмдүк колдонулуп келген укуктук нормалары эске алынды. Кыргызстандын укуктук маданиятында укуктук сабатсыздык, укукка тескери мамиле кылуу же мыйзамсыздыкты актап жиберүү, калктын мыйзамдарда жазылган укугун колдонууну кааалабагандык мүнөздүү болууда. Бул маселелерди өз учурунда чечпөө тескери укуктук көрүнүштөргө, тактап айтканда: билип туруп мыйзамды бузууга, укук нормаларын аткарбай коюуга, коррупцияга, КРдин коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө алып келиши ыктымал”,-деп баса белгиледи Мамбеталиева.

Министр буга байланыштуу аталган министрлик 2015-2018-жылдар үчүн КРдин калкынын укуктун маданиятын жогорулатуу стратегиясын иштеп чыгууга атайын эксперттик топ ишке тартканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, аталган стратегия КРдин Юстиция министрлигинин демилгеси менен Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалган.

“Кабар ордо”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*