Кыргызстандын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу талкууланды

Бүгүн, 22-июлда Бишкекте “2015-218-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкы үчүн укуктук маданиятты жогорулатуу старегиясынын” долбоорун тааныштырышты.

“Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүгө багыта алган терең реформалардын баскычында турат. Өлкөнүн негизги саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүшү 2013-2017-жылдардагы Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясында бекитилген. Аталган программадагы стратегиялык багытка жетиш үчүн милдеттүү шарттардын бири бул- адам укуктарын коргогон жана камсыз кылган мыйзамдуулуктун орношу болуп саналат. Адам укуктарын баардык тармакта: коомдук, экономикалык жана саясий жашоосунда камсыз кылуу жана коргоо Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнүн башкы фактору болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коомчулугу жогорку укуктук маданияттын калыптанышына кызыкдар. Бул максат үчүн укуктук окутуу жана укуктук тарбия берүү жагы колго алынышы керек. Калктын укуктук маданиятына укуктук билим берүү жана тарбия берүү аркылуу жетишибиз керек. Бул жазаны катуулатканга караганда көбүрөөк натыйжалуу жана ийгилтиктүү жол болуп саналат.”,-деп белгиледи БУУӨПтүн “Демократиялык башкаруу” программасынын жетекчиси Айнура Беккоенова аталган жыйында.

Белгилей кетсек, стратегия КРдин Юстиция министрлигинин демилгеси менен Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндинянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү долбоорлорунун колдоосунда даярдалган.

“Кабар ордо”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*