«Балдар үчүн ишеним телефону» ачылат

telefonm

Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду. Маалыматка ылайык , балдар үчүн ишеним телефону Социалдык өнүгүү министрлигинин алдында иштейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Балдар үчүн ишеним телефонун ачуунун максаты өзгөчө шашылыш психологиялык, маалыматтык, педагогикалык жана социалдык-укуктук жардам берүү болуп саналат. Ал телефонго баардык балдар кайрыла алышат, ал аркылуу балдар менен бирге баардык эле ата-энелер, же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү кыйчалыш оор абалда кайрылса болот.

Балдардын ишеним телефонуна кайрылганда айтылган маалыматтар толугу менен купуя сакталат жана баардык жардам акысыз көрсөтүлөт.

«Балдар үчүн ишеним телефондун» негизги иши балдардын укугун коргоо жана коопсуздугун камсыздоого багытталат.

“Марал ФМ”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*