“МКЮЖ Координациялоо борборунун мыкты координатору” сынагы

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору (МКЮЖ КБ) “МКЮЖ Координациялоо борборунун мыкты координатору” сынагын жарыялайт.

Сынактын максаты: 

  • МКЮЖ КБ координаторлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • жумушта рационализатордук сунуштарды киргизген кызматкерлерди аныктоо;
  • МКЮЖ КБ координаторлоруна жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууга түрткү берүү;
  • МКЮЖ КБ иши жөнүндө элдин маалымдуулугун жакшыртуу жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу;
  • өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган аялуу топтордун укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Сынактын катышуучулары:

МКЮЖ Координациялоо борборунун координаторлору.

Координаторлордун кеминде 50%нын катышкан учурда гана сынактын жыйынтыгы чыгарылат.  

Тандоо критерийлери:

  • өз милдеттерин сапаттуу жана өз убагында аткаруу;
  • аналитикалык жана башка отчетторду сапаттуу жана өз убагында даярдоо;
  • квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Мамлекеттик реестрге катышкан юристтердин саны;
  • МКЮЖ берүү үчүн дайындалган адвокаттардын саны;
  • квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, баш тартуу, алмаштыруу жана токтотуу жөнүндө өз убагында жана негизделген чечимдердин саны;
  • квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн төлөө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө өз убагында жана негизделген чечимдердин саны;
  • Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорун (АЮЖК) ачуу боюнча жүргүзүлгөн иштер;
  • АЮЖК борборлорунун электрондук отчет берүү системасы аркылуу жана онлайн турдө берилген юридикалык кеңештердин саны жана сапаты;
  • 2018-жылдагы келишимдин алкагында Координациялык кеңештин мүчөлөрү, мамлекеттик органдар жана МКЮЖнын башка субъектилери, ЖМК менен кызматташуу;
  • социалдык тармактардагы активдүүлүк;
  • МКЮЖ системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы (МКЮЖ системасын жакшыртуу боюнча демилгелер).

Жыйынтыктар сандык критерийлер боюнча белгилүү бир региондогу адамдардын санына жараша пайыз менен чыгарылат.

Конкурстун материалдары:

  • документтердин көчүрмөлөрү (отчеттор жана комиссиянын кароосу үчүн зарыл болгон башка документтер);
  • квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү дайындоо, баш тартуу, алмаштыруу, токтотуу жана адвокатка эмгек акы төлөө жөнүндө чечимдердин статистикасы;
  • электрондук отчеттуулук тутуму аркылуу берилген юридикалык кеңештердин суммасынын сканерленген варианты;
  • катышкан адвокаттардын, АЮЖК борборлорунун, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнун статистикасы;
  • мамлекеттик органдар, Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында көрсөтүлгөн юридикалык жардам жөнүндө материалдар;
  • МКЮЖ КБнын аймактык бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө веб-ресурстарда, социалдык тармактарда, басылмаларда жарыяланган, теле жана радио каналдарында жарыяланган медиа материалдардын сканерленген варианты же шилтемелери;
  • социалдык тармактардагы материалдардын шилтемелери;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулук менен өткөрүлгөн жолугушуулардын саны;
  • АЮЖК борборлорун ачуу үчун жүргүзүлгөн иштердин отчету жана башка материалдар.

Сынактын уюштуруучулары бардык сынак материалдарынын купуялуулугуна кепилдик беришет.

Сынактын материалдары competition.kg@gmail.com электрондук дарегине  “МКЮЖ Координациялоо борборунун мыкты координатору” темасы менен жөнөтүлүшу керек. Ушул эле электрондук дарек аркылуу кошумча суроолорго жооп алууга болот.

Сынактын шарттары:

Координаторлор 2020-жылдын 9-июнунан 3-декабрына чейин чыккан медиа материалдарын, жүргүзүлгөн иштин материалдарынын көчүрмөсүн, статистикасын, жөнөтүшөт. Сынакка  материалдарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2020-жылдын 3-декабры, саат 17.00гө чейин. 

Байгелер жана жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү сыйлыктар тапшырылат:

1-орун – планшет

2-орун – электрондук китеп

3-орун – уюлдук телефон

Кызыктыруучу сыйлыктар

Жеңүүчүлөр КРнын Юстиция министрлигинин, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун жана БУУӨПтүн долбоорунун өкүлдөрү тарабынан аныкталат.

Сынак БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлөт.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*