МКЮЖ КБ мамлекет кепилдеген юридикалык жардам 26 693 жаранга көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультация-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам түрүндө көрсөтүлөрүн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору маалымдайт.

         20020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Борбор тарабынан юридикалык консультациялык-укуктук жардамдын алкагында 26 693 адамга консультация берилди, анын ичинен 438 майып адам (ДМЧА), 340 жашы жете элек балдар, 5764 пенсионерлер жана 3349 муктаж жарандар.

         112 ишеним телефону аркылуу 614 юридикалык консультация берилди, анын ичинде майыптар-19.

         Квалификациялуу юридикалык жардамдын алкагында (адвокаттын коргонуу жана өкүлчүлүк боюнча кызматтары) 5814 адамга, анын ичинде жашы жете электерге, майыптарга (ДМЧА), камакка алынган адамдарга юридикалык жардам көрсөтүлгөн – 1950-ж.

         Эске салсак, “Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам жазык, жарандык, административдик сот өндүрүшү нүн чɵйрɵсүндɵ көрсөтүлөт.

         Квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу кармалган адамдарга, өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп айыпталгандарга, I жана II топтогу майыптарга, психикалык оорулардан жабыркаган адамдарга, Экинчи Дүйнөлүк Согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга, жашы жете электерге – алардын кызыкчылыгы үчүн, алардын ата-энелер (камкорчулар, камкорчулар) – балдардын кызыкчылыгы үчүн; жашы жете элек балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер, жашы жете элек балдарды энесиз тарбиялаган адамдар – балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана коргоо менен байланышкан маселелер боюнча; аскерге милдеттүүлөр; мамлекеттик пансионатта жашаган улгайган адамдар.

         Ошондой эле, жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда белгиленген жыл сайын эң аз эмгек акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган адамдар мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. 2020-жылга карата жылдык кирешенин көлөмү 111 240 сомдон ашпашы керек.

 

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*