«Тилектештик Автобусу» сиздерге юридикалык жардам көрсөтүүгө баратат (видео)

Мамлекеттик органдардын адистеринен жана квалификациялуу юристтердин тобунан турган «Тилектештик Автобусу» калкка 2016-жылдан баштап юридикалык жардам көрсөтүп келет.
 
«Тилектештик Автобусунун» адистери сот жана укук коргоо органдарына доо арыздарды, даттанууларды даярдоодо, мурасты каттоодо, алимент өндүрүудө, үй-бүлөлүк, эмгек талаш-тартыштарды чечүүдө укуктук жардам көрсөтөт.
 
2016-жылдан тартып «Тилектештик автобусу» долбоору миңден ашуун айылга барып, 10 миңден ашуун адамга укуктук жардам көрсөткөн.
 
«Тилектештик автобусунун» иш графиги тууралуу маалыматты 0(312) 626210 (кошумча 188) номери боюнча алсаңыздар болот.
 
Өз укугуңду бил! Өз укугуңду корго! Өз укугуңду колдон!
 
 

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*